Ишемби, Январь 16, 2021

Тарых факультетинин студенттери Алматыда болгон эл аралык конференцияга катышып келишти

2012-жылдын 20-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин  "Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика" кафедрасынын студенттери Алматы шаарында болуп  өткөн студенттердин, магистранттардын жана жаш илимпоздордун эл аралык "Келечек коомдун социалдык-экономикалык өнүгүшү: тенденциялар, өнүгүү чекитери жана эффективдүү чечимдер" деген аталыштагы XI илимий-практикалык конференцияга барып, катышып келишти. Аталган иш-чарада биздин студенттер Кубанычбек кызы Айзада, Жумабек кызы Асель жана Эсенкан кызы Сымбат дипломдор менен сыйланышты.