

КУУда "Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы" аттуу китепченин бет ачаары өткөрүлдү
16.03.2012 17:13
Кечээ, 2012-жылдын 15-мартында, КУУнун Жыйындар залында "Бөөмбаев Насирдиндин санжырасы" аттуу китепченин бет ачаар аземи болуп өттү. Жыйынды Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Бектемир Жумабаев ачып, бет ачаары болуп аткан тарыхчы Бөөмбаев Насирдиндин кол жазма санжырасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар корунда көп жылдардан бери сакталып турганын, ал абдан баалуу тарыхый мурас экендигин жана китепчеде кыргыздардын 17-19-кылымдардагы тарыхы боюнча баалуу маалыматтар камтылганын белгиледи.
Жыйынга 1980-жылы Москва шаарында өткөн олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев; КР Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун бөлүм башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев; КР Улуттук илимдер академиясынын Коомдук илимдер бөлүмүнүн катчысы, тарых илимдеринин кандидаты, ага илимий кызматкер Аскарбек Беделбаев жана Бөөмбаев Насирдиндин неберелери Сабыркүл, Закия жана Эсенгул катышып, сөз сүйлөштү.
Андан ары аземде төмөндөгүдөй баяндамалар окулду:
- Т.И.Асанов - т.и.к., доц.: "Насирдин молдо жана анын кол жазмасы тууралуу маалымат."
- А.Кубатова - КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун кызматкери: "XX кылымдын башталышындагы Кыргызстандагы жадидизм жана Шабдан баатырдын медресеси"
- Э.Турганбаев - КР Улуттук энциклопедиясынын кызматкери, китепченин түзүүчүсү: "Насирдин молдонун кол жазмасындагы маалыматтарга илимий түшүндүрмөлөрдү берүүнүн тажрыйбасы"
- Р.Т.Жолдошов - т.и.к., доц.:"Насирдин молдонун жана башка кол жазмалардын кыргыз тарыхын изилдөөдөгү жана окуп үйрөнүүдөгү мааниси".