Бейшемби, Январь 28, 2021

ЕвраФИТтин студенттерине "Кыздар арасында..." аттуу лекция окулду

2012-жылдын 21-февралында КУУнун Евразия инновациялык технологиялар факультетинде акушер-гинеколог, саламаттыкты сактоонун отличниги Гүлзина Мадраимованын "Кыздар арасында..." аттуу лекциясы болуп өттү. Бул иш-чарага аталган факультеттин бардык курстарынын студенттери катышышты. Лекциянын негизги темасы ден соолукту, анын ичинде тазалыкты жана жеке гигиенаны сактоого арналып, болочокто эне болчу жаш кыздардын ден соолугу кандай болуш керек экендиги жөнүндө студенттерге кенен маалымат берилди. Бул иш-чара студенттердин кызыгуусун арттырып, мындан ары да ушундай иш-чараларды өткөрүп турууну алар факультеттин жетекчилигинен суранышты.

 

 

 

Материалды даярдаган:


"Тил үйрөтүү" кафедрасынын методисти Аида Намазбекова