Бейшемби, Январь 28, 2021

ЕвразИТФте "Ыйык Валентин күнүнө" карата майрамдык кече болуп өттү

Кечээ, 2012-жылдын 14-февралында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразиялык инновациялык технологиялар факультетинде "Ыйык Валентин күнүнө" карата майрамдык кече болуп өттү. Иш-чарада факультеттин жаштарына "келечекти туура тандоо", "сезимдерди башка нерселерге алмаштырбоо" сыяктуу тарбиялык мааниси бар оюндар өткөрүлүп, суроо-жооптор менен коштолду. Кечеде ошондой эле "Кыз-жигит" сынагы уюштурулуп, 1-курстун студенттери Мээрим менен Эламан анын жеңүүчүлөрү болушту. Майрамдык салтанаттын соңунда атайын кутуга чогултулган "валентинкалар" ээлерине таратылып берилди.