Жекшемби, Январь 17, 2021

Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхий информатика кафедрасынын студенттери эски Жаңы жылды тосушту

2012-жылдын 13-январында тарых факультетинин Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхий информатика кафедрасынын студенттери кафедра башчысы профессор Шайыр Батырбаеванын демилгеси менен эски Жаңы жылды тосуу аземин өткөрүштү. Салтанатка кафедранын кызматкерлери жана адистешкен студенттер катышты. Иш-чараны кафедра башчысы куттуктоо сөзү менен ачып, кафедранын өткөн жылдагы жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Аземдин коногу, тарых факультетинин деканы Бектемир Жумабаев студенттердин ар тараптуу ийгиликтери факультеттин жетишкендиги болоорун белгилеп, аларга окуудагы жана коомдук иштердеги  ийгиликтерди каалады. Декан өз сөзүндө факультеттин сыймыгы болгон “википедисттердин” ишмердүүлугүнө өзгөчө токтолду.  

 

Аземде кафедранын окутуучулары доцент Темирлан Чаргынов, доцент Турат Сырдыбаев, окутуучу Сыймык Токобаев, окутуучу Сайкал Жумалиева, о.э. методисттер Айжамал Атагулова жана Элизат Турсунова куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Мындан тышкары, 1-курстан 5-курска чейинки адистешкен студенттердин  өз ара талкуулары болду. Аземдин аягында атайын студенттер үчүн кофе-брейк уюштурулду.


ist_01 ist_02 ist_03 ist_04 ist_05 ist_06 ist_07 ist_08 ist_09