

«Кыргызстандын жаңы жана соңку мезгилдеги тарыхы» кафедрасынын 50 жылдык юбилейи белгиленди
06.12.2011 09:16
2011-жылдын 2-декабрында КУУнун Чоң жыйындар залында Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин “ Кыргызстандын жаңы жана соңку мезгилдеги тарыхы ” кафедрасынын 50 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйынды факультеттин деканы Бектемир Жумабаев ачып, иш-чарага кафедраны түзүүгө катышкан инсандардын туугандары, кафедрада иштеп кеткендер, бүтүрүүчүлөр катышып аткандыгын белгиледи. КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидиновго соз берилди. Ректор Улуттук университетте эң маанилүү жана мазмундуу конференция өтүп жатканын белгилеп, кафедранын мааракесине карата чыгарылган “Полувековой путь кафедры Истории Кыргызстана” аттуу китептин авторлоруна ыраазычылыгын билдирди жана бул китеп – университеттин 80 жылдыгына арналган чоң белек экендигин, ал университеттин мааракесине арналган китеп көргөзмөсүнө коюлаарын айтты.
Искендер Исамидинов Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин, анын ичинде мааракеси өткөрүлүп аткан кафедранын жалпы жамаатына чын ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ректордун куттуктоо сөзүнөн кийин салтанаттуу жыйындын иши күн тартиби боюнча уланып, төмөндөгү докладдар окулду:
Ж.Ж.Жакыпбеков, профессор: “Профессор Б.М.Зима – кафедранын уюштуруучусу жана башчысы”
Т.Ж.Жоробеков, профессор: “Кафедранын ишмердиги, окуу процессиндеги орду жана келечектеги мерчемдери”
Ж.К.Момбекова, профессор: “Б.Ч.Чокушовдун илимий-педагогикалык ишмердиги”
Т.И.Асанов: “Профессор Дж.С.Бактыгулов – кафедра башчы жана көрүнүктүү илимпоз”
Докладдардан соң салтанаттуу жыйындын катышуучулары факультеттин эмгек ардагерлеринин эскерүүлөрүн жана коноктордун куттуктоолорун угушту.