Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын студенти жеңишке жетишти


Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын студенти жеңишке жетишти
06.12.2011 09:09
Жусуп Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан 10-ноябрь - Илим күнүнө карата өткөрүлгөн сынакта Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын адистештирилген 5-курсунун студенти Бердибек уулу Жакшылык илимдеги жетишкендиктери учун жеңишке жетишти. Ал 2011-жылдын 10-ноябрында, КУУнун Чоң жыйындар залында Кыргызстандын илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйында «Ардак грамота» жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Сыйлыкты КУУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Таалайбек Каракеев тапшырды.