Жекшемби, Январь 17, 2021

Кыргыз филологиясы факультети "1-курстарды тосуп алуу" аземин өткөрдү

Бүгүн, 2011-жылдын 22-ноябрында, №5-окуу имаратынын Жыйындар залында КУУнун Кыргыз филологиясы факультети "1-курстарды тосуп алуу" аземин өткөрдү. Салтанатты факультеттин деканы Бектурсун Байсабаев ачып, КУУнун босогосун быйыл аттаган жаштарга факультеттин кыскача тарыхы, анын белгилүү бүтүрүүчүлөрү тууралуу маалымат берип, чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалады. КУУнун Бириккен профсоюздук комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев студенттик турмушка жаңыдан киришип жаткан жаштарга байлык-бийлик, илим-билим тууралуу уламыш аңгеме айтып берип, аларды келечекте илимдүү, билимдүү жаштардан болуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

 

Аземдин алып баруучулары Замирбек уулу Нурбек (5-курс) жана Нурила Баймуратова (2-курс) факультеттин жакшы окуган студенттерин сыйлоо тууралуу буйрукту окуган соң, Шаршенбек Сальпиев жана Бектурсун Байсабаев агайлар аты аталган студенттерге "Мыкты студент" төш белгисин (2 студент) жана Грамоталарды (2 студент) тапшырышты.


Аземдин андан аркы бөлүгү факультеттин студенттери жана Бишкек шаарындагы №57-орто мектептин окуучулары тарабынан даярдалган концерт менен улантылды. Концерттик номерлердин ортосунда факультеттин мыкты спортчуларына Грамоталар жана 1-курстун  студенттерине символикалуу "Билим ачкычы" жана "Сынак китепчеси" тапшырылды.

 

 

 

 

Алып баруучулар: 2-курстун студенти Нурила Баймуратова жана 5-курстун студенти Замирбек уулу Нурбек

 

Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бектурсун Байсабаев

 

КУУнун Бириккен профсоюздук комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев

 

 

5-курстун студенти Замирбек уулу Нурбекке "Мыкты студент" төш белгиси тапшырылууда

 

 

"Мыкты студент" төш белгиси

 

 

 

Саламдашуу". Аткаруучулар: Бейкелди уулу Билимбек (солдо) жана Жыргалбек уулу Эрлан (оңдо)

 

 

Сахнада Жумадил кызы Айбарчын

 

Сахнада Кубанычбеков Акбар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№57-орто мектептин комузчулар ансамбли

 

№57-орто мектептин окуучулары

 

 

Сахнада Баймуратова Нурила

 

 

 

Факультеттин деканы Бектурсун Байсабаев 1-курстун старосталарына

символикалуу "Билим ачкычын" жана "Сынак китепчесин" тапшырууда

 

 

 

1-курстун студенттери белекке алышкан "жөжөлөрү" менен

 

 

 

Сахнада КВН командасы

 

 

 

1-курстун студенти Нурбол уулу Урмат "Назира" деген ырды аткарууда

 

Сахнада Алмаз кызы Назик

 

№57-орто мектептин 10-классынын окуучусу Муктарбеков Нурияз

"Даткайым" деген ырды аткарууда