Бейшемби, Январь 28, 2021

КУУда химиктердин күнү өткөрүлдү

2011-жылдын 28-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Химия жана химиялык технология факультетинин эмгек жамааты жана студенттери "Химиктердин күнү" деп аталган салтанаттуу азем өткөрүштү. Аталган факультетттин 25 жылдык мааракесине арналган бул иш-чарага КУУнун ректору, профессор Аалыбек Акунов, академиялык иштер боюнча проректору Роза Сарымзакова жана илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Таалайбек Каракеев катышты.

 

Салтанаттын катышуучулары факультет жайгашкан №6 окуу имаратынын 4-кабатындагы фойеде уюштурулган сүрөт көргөзмөсү  менен таанышкан соң, химия жана химиялык технология факультетинин деканы Туратбек Байдинов "Химиктердин күнүн" ачык деп жарыялап, эң мыкты жетишкен студенттерди Ардак грамота менен сыйлаган соң, сөз кезегин КУУнун ректору, профессор А.А.Акуновго берди.


Ректор факультеттин эмгек жамаатын жана студенттерин Химиктерин күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады жана "ушул факультет башкалардан өзгөчөлөнүп турарын жана кандайдыр бир көрүнбөгөн сыр бар экенин" баса белгилеп өттү.


Иш-чаранын соңунда ыр кесе уюштурулуп, студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү.