Четверг, Октября 17, 2019

КУУнун структуралык бөлүктөрү университеттин 60 жылдыгын белгилешти (жаңыланды)

2011-жылдын 23-майынан 28-майына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттукуниверситетинин Чоң жыйындар залында университеттин структуралык бөлүктөрү окуу жайдын 60 жылдык мааракесин белгилешти. Бул иш-чаралар мурдатан түзүлгөн график жана сценарий боюнча өткөрүлдү.

Ал сценарий боюнча адегенде мааракеге карата атайын тартылган Кыргыз улуттук университети тууралуу кинофильм көрсөтүлүп, андан кийин университеттин мурдагы ректорлору же азыркы учурдагы проректорлору структуралык бөлүктөрдөн көрсөтүлгөн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырышты жана иш-чаранын соңунда таланттуу студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү.

 

Жогоруда айтылган график боюнча 23 майда университеттин 60 жылдыгын Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институту, Математика, информатика жана кибернетика факультети, Физика жана электроника факультети белгилешип, сыйлыктарды КУУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Таалайбек Каракеев тапшырды.


24 май күнү окуу жайдын мааракесин Биология факультети, Химия жана химиялык технология факультети, Чет тилдер институту белгилешип, сыйлыктарды университеттин 1998-2000 жылдардагы ректору Алтай Бөрүбаев тапшырды (фоторепортаж).

 

25-майда Башкаруу жана бизнес институту, Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар институту, Тарых факультети университеттин 60 жылдыгын белгилешип, сыйлыктарды университеттин 2000-2005 жылдардагы жетекчиси Аскар Какеев тапшырды (фоторепортаж).

 

26-май күнү университеттин юбилейин Кыргыз филологиясы факультети, Мамлекеттик башкаруу жана саясат таануу институту, Социалдык-гуманитардык илимдер институту белгилешип, сыйлыктарды КУУнун Бириккен профсоюздук комитетинин төрагасы Шаршенбек Сальпиев тапшырды (фоторепортаж).

 

Ушул эле күнү түштөн кийин окуу жайдын мааракесин География жана экология факультети, Евразиялык инновациялык технологиялар институту, ошондой эле Экономика жана финансы институту белгилешип, сыйлыктарды университеттин 1979-1986 жылдардагы ректору Кубат Оторбаев тапшырды.

 

27 майда университеттин юбилейин Кыргыз-Кытай институту, Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борбору, Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту жана ар түрдүү административдик структуралары белгилешип, сыйлыктарды КУУнун академиялык иштер боюнча проректору Роза Сарымзакова тапшырды (фоторепортаж).

 

Университеттин мааракесин 28 май күнү Орус жана славян филологиясы факультети, Журналистика факультети жана Юридикалык институту белгилешип, сыйлыктарды ректордун кеңешчиси Кубат Кожоналиев тапшырды (фоторепортаж).