Четверг, Октября 17, 2019

КУУда “Манас дастаны - улуттук улуу мурас” деген Тегерек стол болуп өттү

Бүгүн, 2011-жылдын 25-апрелинде, КУУнун №5-окуу имаратындагы Жыйындар залында “Кеменгер” студенттик клубу тарабынан уюштургулан “Манас дастаны - улуттук улуу мурас” деген темадагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун ишине Ж.Орозобекова - манастаануучу, ф.и.к, доцент; С.Сагдиева - манастаануучу, адабиятчы; Р.Исаков - манасчы жана университеттин студенттери катышты.

Тегерек столдо төмөндөгү маселелер талкууланды:

1. “Манас” дастаны тарыхый чындыкпы же элдик оозеки чыгарманын туу чокусубу?

2. “Манас” дастанын улуттук идеология катары кантип реалдуу жашообузда колдоно алабыз?

3. “Манас” дастаны келечек муунду тарбиялоо ыкмасы, усулдары аркылуу азыркы жаштарды кантип тарбиялай алабыз?

Жана залдан студенттерден көптөгөн суроолор берилип, кызуу талкуу жүрдү.