Четверг, Октября 17, 2019

КУУнун ректору Универсиаданын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2011-жылдын 23-апрелинде, КУУнун ректору, профессор А.А.Акунов Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын алкагында Ордо оюну боюнча 1-орунду ээлеп, чемпиондук наамга ээ болгон университеттин Ордо оюну боюнча курама командасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Иш-чарага ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Атлет" спорттук клубунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги Түгөлбай Базакечев жана команданын башкы машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын физкультура жана спорт боюнча отличниги Бузурманкул Мундузбаев катышты.


Ректор Кыргыз улуттук университетинин Ордо боюнча курама командасынын мүчөлөрүн жана алардын машыктыруучусун Универсиадада жетишкен ийгиликтери менен куттуктады жана болуп өткөн мелдештер тууралуу алар менен кенен маек курду. Команданын мүчөлөрү ректорго Универсиаданын жүрүшү жана кантип чемпион болушкандыктары жөнүндө кызыгуу менен айтып беришти.

 

Жолугушуунун соңунда Кыргыз улуттук университетинин жетекчиси Универсиаданын жеңүүчүлөрүнө алардын жеңип келген байгелерин дагы бир жолу өз колу менен тапшырып, кызуу куттуктады жана окууда жана спортто зор ийгиликтерди каалады.

 

Ордо боюнча чемпиондук наамга ээ болгон Кыргыз улуттук университетинин курама командасынын мүчөлөрү:


1. Ниязбков Кубаныч - Мамлекеттик башкаруу жана саясат таануу институту, 5-курс

2. Качкынтаев Самар - География жана экология факультети, 2-курс

3. Ильязов Жолдошбек - География жана экология факультети, 3-курс

4. Байзаков Чынгыз - География жана экология факультети, 1-курс

5. Догдурбек уулу Урмат - Физика жана электроника факультети, 1-курс

6. Апышев Тынчтык - Физика жана электроника факультети, 4-курс

7. Шаабаев Мирлан - Экономика жана финансы институту, 2-курс

8. Жакшынбек уулу Адилет - Маалымат технологиялары колледжи, 1-курс