Четверг, Октября 17, 2019

КУУда студенттер арасында Акыл таймашы өтүүдө

Кечээ, 2011-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз улуттук университетинин №5-окуу имаратында "Алсызды күчтүү кылган - билим, кичүүнү улуу кылган - илим" аттуу Акыл таймашы улантылды. Аталган иш-чарага университеттин факультеттеринин жана институттарынын 1-3 курстарында окуган студенттери 4 адамдан турган топ болуп катышууда. Катышуучуларга тарых, логика, салт, нарк-насил, Манас, Ч.Айтматов боюнча суроолор берилет.


Акыл таймаш 2011-жылдын 4-8 апрель күндөрү саат 16:00дө университеттин №5-окуу имаратындагы Жыйындар залында 2 турда өткөрүлөт. Уткан команда ушул эле аталыштагы университеттер аралык таймашка жолдомо алат.


Иш-чара Кыргыз улуттук университетинин «Кеменгер» студенттик клубу тарабынан уюштурулду.