


"Мен көргөн апрель", Мусабекова Айсулуу ( ЖК - 2 - 09, 2 - курс)
01.04.2011 17:57
Чындык издеп акыйкат үчүн бараткан
Өч алды бейм алдыга озгон жарандан
Жаныбарга мылтык кесеп аткансып
Бир шумдуктуу мыкаачы чыгып адамдан
Ок атып адамдын жанын кыйган
Бул мерээз боору таш кандай бир жан
Ата-энесин туугандарын ойлобостон
Мээлеп туруп тарс эле атып салган
Кыргызга тушуруп караан тунду
Болот деп ким ойлоптур мындай кунду
Эркиндик учун курошуп курман болгон
Эр азамат жаштардын кылган кучу
Кыргыз элдин кабыргасы кайышып
Ыйлап турат коз жаштарын агызып
Биз учун курман болгон баатырларды
Оз ээсине берди эли тапшырып
Кыргыз эрлер баатырлар бут кабылан
Кармашат намысты бек жанынан
Бир заматта айгинелеп койбодубу
Жалтанбастан окту тосуп атылган
Арга жок андан башка табаар айла
Туш болдукпу оор тагдыр булл заманга
Же белгисиз тунгуюктан жолду издеп
Чыгабызбы кенен кесир бир жарыкка
Кыргыз элим тундук-туштук болбойлучу
Мекенибиздин оор тагдырын ойлойлучу
Болунгондо эч кандай пайда чыкпайт
Болунуп биз!боруго жем болбойлучу
Болсо эгер биримдиктуу ынтымагын
Ыдрата албайт башка элдер сен ынангын
Керек болсо баш которуп ооз ача албайт
Кыргыз калкым бекем болсо ынтымагын
Бийлик деп мейли камын ойлойлучу
А бирок жеп ичкенден болбойлучу
Кунумдук жай турмушту ойлобостон
Оо кыргызым акретти да ойлойлучу
Кызыл кандуу болдукпу айтор билбейм
Талкалашып баарысын чет-четинен
Кандайдыр ач адамдар сыяктанып
Тургандары кетпей койду сезимимден
Талап тоноп озубузду кордобойлу
Ойлонуп артыбызды боолголойлу
Бул нерседен эч кандай майнап чыкпайт
Мекен учун жакшыбы эми тонолгону
Болот дешет сабырдын тубу алтын
Ойлонолу турмуштун кадыр баркын
Кыйынчылыктын баарысын женип чыгып
Коз карандысыз жашайлычы кыргыз калкым