Вторник, Февраля 18, 2020

Ч.Айтматовду эскерүү кечеси өткөрүлдү

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чоң аземдер залында университеттин журналистика факультети тарабынан уюштурулган "Чыке, Сизди сагындык" аттуу заманыбыздын залкар жазуучусу, улуу инсан Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү.


Кечени журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов ачып, сөздү Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор А.А.Акуновго берди. Ректор өз сөзүндө Ч.Айтматовдун жана анын чыгармаларынын улуулугун белгилеп, "жазуучунун эмгектерин урпактан-урпакка калтыруу үчүн биз аларды дайыма эскерип, даңктап турушубуз керек" - деп айтты.


Андан кийин улуу жазуучу тууралуу эскрүүлөрүн Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов; филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева; Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мырзабек Тойбаев; саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков жана журналистика факультетинин профессору Абдиламит Матисаков айтып беришти.

 

Кеченин жүрүшүндө журналистика факультетинин студенттери Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинен үзүндүлөрдү окушту.