Понедельник, Ноября 18, 2019

“КУУнун периси - 2016”

alt2016-жылдын 30-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында Улуттук университеттин студенттери көптөн бери күтүп жүргөн “КУУнун периси - 2016” сынагынын финалы болуп өттү. Иш чара саат 18.00дө башталып, түн бир оокум болуп калганда аяктады. Спорт сарайынын чоң залы көрүүчүлөргө жана күйөрмандарга жык толуп, орун жетишпей калгандар да көп болду.

Иш чараны КУУнун ректору Чынара Адамкулова ачты. Ал өз сөзүндө жоогазындай жадыраган, алмончоктой сулуу кыздар бүгүнкү сынакта жалаң эле тыш келбетин эмес, сабаттуулугу менен билим деңгээлин да көрсөтүшүп, өнөрлөрүн тартууларын, аларга кара кылды как жарган калыстар тобу баа берээрин айтып, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. "Бирок, жеңиш - бирөө, бардыгы жеңүүчү боло албайт. Сынактан кийин да алдыңарда жаркыраган келечек бар. Ошондуктан, окууңарды жакшы өздөштүрүп, XXI-кылымдын кадрлары катары Кыргызстанды алга сүрөөгө даяр боло турганыңарга терең ишенем!", - деп сөзүн жыйынтыктады ректор.

Бул жылкы "КУУнун периси" чыгармачыл сынагына төмөндөгүлөр катышты:

  • Мукашева Элина - экономика факультети
  • Жалилова Айгерим - кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик билим берүү факультети
  • Толонова Даткайым - география, экология жана туризм факультети
  • Айбек кызы Айтурган - журналистика факультети
  • Казакова Жыпара - маалыматтык-экономикалык лицей
  • Сагындыкова Кундуз - кыргыз-кытай факультети
  • Кудайназарова Элиза - юридикалык колледж
  • Жумакадырова Саламат - башкаруу жана бизнес факультети
  • Омурзаккова Айдана - химия жана химиялык технология факультети.

Сынактын калыстар тобуна Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков, эстрада ырчысы Анжелика сыяктуу өлкөбүзгө аттын кашкасындай белгилүү инсандар киришти:

Кеченин жүрүшүндө сынактын катышуучулары "Дефиле", "Саламдашуу", "Суроо-жооп", "Дал өзү" деп аталган тапшырмаларды аткарышып, "Стюардессалар бийин" бийлешти.

Тапшырмалар ортосундагы тыныгууларда Улуттук университеттин талантуу студенттери жана КВН командасы өнөрлөрүн көрсөтүшүп, кеченин көркүн ачышты.

Төрт саатан ашыкка созулган шоу-программанын соңунда кара кылды как жарган калыстар тобу өз чечимин чыгарып, "КУУнун периси-2016" наамын башкаруу жана бизнес факультетинин студенти Саламат Жумакадыровага ыйгарышты. Жеңүүчү Туркиянын Анталия шаарына 7 күндүк жолдомо менен сыйланды.

Мындан сырткары, маалыматтык-экономикалык лицейдин окуучусу Казакова Жыпара "Вице мисс КНУ" номинациясында жеңишке ээ болуп, плазмалык телевизор менен сыйланса, химия жана химиялык технология факультетинин студенти Омурзакова Айдана "Ажарлуу мисс" наамына татыктуу болуп, планшет менен сыйланды, ал эми "Мисс - көрүүчүлөрдүн симпатиясы" номинациясында утуп алган юридикалык колледждин студенти Кудайназарова Элиза микротолкундуу печка менен сыйланды.

 alt

Саламат Жумакадырова - "КУУнун периси - 2016" (башкаруу жана бизнес факультети)

"КУУнун периси - 2016" чыгармачыл сынагы. 1-бөлүк

(Эгер видео-материалды көрүү учурунда "Error #2035" деген билдирүү чыкса, анда бул ката сиздин браузердин (мисалы, Mozilla Firefox) "Adobe Flash Player" деген плагини (программасы) менен байланышкан. Бул учурда башка браузерди ачып (мисалы, Google Chrome), видеону көрө берсеңиз болот.)

"КУУнун периси - 2016" чыгармачыл сынагы. 2-бөлүк

"КУУнун периси - 2016" чыгармачыл сынагы. 3-бөлүк

"КУУнун периси - 2016" чыгармачыл сынагы. 4-бөлүк

"КУУнун периси - 2016" чыгармачыл сынагы. 5-бөлүк

 

 

alt