Вторник, Апреля 23, 2019

"ККИнин чүрөгү - 2013"

alt2013-жылдын 20-февралында Кожомкул атындагы спорт сарайында "ККИ чүрөгү-2013" шоу-сынагы болуп өттү. Иш-чараны белгилүү шоумен Руслан Халмурзин алып барды. Кесипкөй моделдерден кем калбаган Кыргыз-Кытай институтунун 12 сулуусу сахнага чыкканда, залдагы көрүүчүлөр аларды дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Кыздардын бул сынакка жакшы даярданганы, алардын сахнада өздөрүн эркин алып жүргөнүнөн эле дароо байкалды. Шоу-сынактын калыстар тобуна ККИнин директору Болот Токтобаев, Конфуций институтунун директору Үмүт Култаева, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Тибо Фурьер, «МодАрт» компаниясынын директору, "Рататуй" ресторанынын ээлерини бири жана КУУнун кафедра жетекчиси Диляра Апезовалар киришип, так, калыс бааларын бергенге аракет жасашты.

Сулуулар сынагына Кыргыз-Кытай институтунун төмөндөгү студент кыздары катышышты: Джумагазиева Алия, Таалайбек кызы Сезим, Эркинбек кызы Динара, Кубанычбекова Айдай, Кожомкулова Салима, Бекказиева Алина, Тохтахунова Мавлюда, Шабданова Эркайым, Сатыбекова Бегимай жана Азат кызы Акбермет.

Таймаштын жүрүшүндө алар "Өзүн тааныштыруу", "Кыргыз бийи", "Үй тапшырмасы" жана "Кечки азем көйнөктү көрсөтүү" тапшырмаларын аткарышты.

Сынактын тапшырмаларынын ортосунда көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн «Адэм» бий студиясы, белгилүү рэпер К.А. жана ККИнин таланттуу студенттери тартуулашты. Иш-чаранын соңунда калыстар тобу сынактын жыйынтыгын чыгарышып, "ККИнин чүрөгү - 2013" наамын конкурска 10-номер менен катышкан Азат кызы Акберметке ыйгарышты. Жеңүүчүгө 1 айга Кытайга барып келүүгө жолдомо, "Рататуй" ресторанынан 2 адамга сертификат жана француз парфюму тапшырылды.

Конкурстун калган катышуучулары Джумагазиева Алия - "Мисс стиль", Таалайбек кызы Сезим - "Мисс көрүүчүлөрдүн симпатиясы", Эркинбек кызы Динара - "Мисс жылмайуу", Кубанычбекова Айдай - "Мисс кемтиксиздик", Кожомкулова Салима - "Мисс грация", Бекказиева Алина - "Мисс креативдүүлүк", Тохтахунова Мавлюда - "Мисс экстраваганттуулук", Шабданова Эркеайым - "Мисс интеллект", Сатыбекова Бегимай - "Мисс суктантуу" номинациялары боюнча жеңип чыгышы.

Алардын ар бирине  тиешелүү диплом, сертификат, жаздык, асма шам жана француз виносу тапшырылды.

Белгилеп кетчү нерсе, Кожомкулова Салима аймактан келген демөөрчүлөрдүн берешен сыйлыктарына ээ болду.

Шоу-сынактын соңунда аземдин уюштуруучусу, доцент Гульнура Төрөгельдиева сынакка катышкан кыздарга жана аларга колдоо көрсөтүшкөн ата-энелерге өз ыраазычылыктарын билдирди.