Шаршемби, Февраль 24, 2021

Ректоратта кезектеги өндүрүштүк кеңешме болуп өттү

00

2017-жылдын 13-февралында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университеттин учурдагы маселелерин талкуулаган өндүрүштүк кеңешме болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору профессор_Чынара Адамкулова алып барды.

Окуу иштери боюнча проректор_Урмат Аманалиев_кафедра башчыларын шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы жөнүндө маалымат берип, суроолорго жооп берди.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев кыргыз тилинде окутуу боюнча министрликте болгон жыйын жөнүндө маалымат берип, май айынын аягына чейин кыргыз тилинде жазылган окуу китептеринин тизмесин берүү зарыл экендигин билдирди.

Окуу-методикалык башкарманын башчысы Эрнис Усенов_кышкы сессиянын жыйынтыгы, анда орун алган кемчиликтер тууралуу баяндама жасап, аларды жоюу боюнча өз сунуштарын айтты.

Ректор докладчыга студенттерин жазуу иштерин текшерүүдө ката кетирген мугалимдерге кандай чара көрүлгөнү тууралуу_суроо бергенде, Эрнис Усенов аларга эскертүү берилгенин билдирди. -_Өткөн жылы кемчилик кетирген 183 мугалимге сөгүш берилген. Жазуу иши сессия учурунда коррупцияны жокко чыгаруу үчүн киргизилген. Ошондуктан, кемчилик кетирген мугалимдердин себептерин дисциплинардык комиссияда жакшылап иликтеп, аларга эскертүү менен эле чектелип калбай, катуураак чара көрүшүбүз керек. Ал эми факультет менеджерлери үчүн бул маселе боюнча дагы бир жолу семинар-тренинг өткөрүү зарыл, - деп белгиледи Чынара Адамкулова.

КУУнун ректору о.э. бюджетте иштеген мугалимдерге кошумча төлөмдөр контракттан түшкөн каражаттардын эсебинен эмес, атайын кирешелердин эсебинен төлөнөөрү жөнүндө маалымат берди.

Өндүрүштүк жыйындын жүрүшүндө Улуттук университеттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу мындан башка дагы ар түрдүү_маселелер талкууланды.

press knu 2017