Шаршемби, Февраль 24, 2021

Бишкек ШИИБнин жана муфтияттын өкүлдөрү студенттер менен жолугушту

002017-жылдын 9-февралында_башкы имараттагы чоң жыйындар залында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын өкүлдөрү КУУнун курамындагы колледждердин студенттери менен жолугушуу өткөрүп, аларга "Көк кит", "Тынч үй" ж.б.у.с.компьютердик оюндардын терс таасирлери, о.э. экстремчилик жана террорчулук уюмдардын терс иш-аракеттери тууралуу айтып беришти.

Бишкек шаардык ИИБнин коомдук коопсуздук_боюнча башкармалыгынын башкы адиси, милициянын полковниги Зумрат Жаңыбаева күч органдары тарабынан "Көк кит", "Тынч үй" ж.б.у.с.компьютердик оюндар боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге токтолуп, жаштарды аталган оюндардан алыс болууга, турмушта боло турган бардык маселелер боюнча ата-энелерге кайрылууга чакырды.

Бишкек шаардык ИИБнин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы Сапар Махмадиев экстремисттик жана террорчулук уюмдардын терс иш аракеттери, аларга алданган жарандар тууралуу видео-фильм көрсөтүп, колледждердин студенттерин булардан алыс болууну суранды. "Көрүнбөс фронт" кызматынын өкүлү жогоруда айтылган оюндар боюнча учурда активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын жана алар боюнча жакын арада чара көрүлөөрүн билдирди.

Кыргызстандын азирети муфтийинин кеңешчиси Азамат Аргын ислам дини - тынчтыктын дини экенин, ал эч качан фанатчылыкка, экстремчиликке жана террорчулукка чакырбай турганын айтып, андай уюм_өкүлдөрүнүн үгүт иштериндеги өзү байкаган белгилер тууралуу кеп салды. "Көк кит", "Тынч үй" ж.б.у.с.компьютердик оюндар боюнча муфтийдин кеңешчиси_өз пикирин "Өзүн-өзү өлтүрүү ислам дининде чоң күнөө болуп эсептелинет жана андайларга жаназа түшүрүлбөй, итчесинен көмүлөт" деген сөздөр менен билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жыйынга катышкан экономикалык, юридикалык, педагогикалык, маалыматтык жана кыргыз-кытай колледждеринин студенттери баяндамачыларга көптөгөн суроолорду беришип, жоопторду алышты.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебааев терең мазмундуу жана кызыктуу баяндамалар үчүн келген меймандарга терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

press knu 2017