Шаршемби, Февраль 24, 2021

Тил менен кошо элдин тарыхын, маданиятын жана мүнөзүн үйрөнөбүз

altКУУда "Эне тилдин эл аралык күнүнө" арналган иш-чаралар уланууда. 2016-жылдын 26-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесипке чейинки билим берүү факультетинин алдындагы гуманитардык жана экономикалык лицейлердин окуучулары тарабынан "Тилдер аркылуу дүйнө тааныйбыз" деп аталган адабий кече өткөрүлдү.

Кечени кыргыздын белгилүү мульткаармандары Акылай (Сагын кызы Каныкей - 10Д класстын окуучусу) менен Актан (Абдыбаитов Эмил - 10Б-класстын окуучусу) алып барышты.

Лицейлер тууралуу видео-маалымат берилген соң, сахнага Чынара Адамкулованын ооруп жатканына байланыштуу ректорлук милдетти убактылуу аткарып жаткан мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана факультеттин деканынын м.а. Алайбек Шамшиев чыгышып, окуучуларды Эне тил майрамы менен куттукташты. 

Назаркул Ишекеев ар бир эне тил эненин сүтү менен кошо берилээрин, ошондуктан ыйык экендигин белгилеп, Кыргызстан - кыргыз тилинин атын, затын алып жүрүүчү мамлекет экендигин; өлкөбүз көп улуттуу болгону менен, мамлекеттик тил - кыргыз тили экендигин; ошондуктан ар бир жаран ал тилде окуп, жазып жана сүйлөй билүүгө милдеттүү экендигин белгиледи. Бирок, - деп улантты проректор өз сөзүн, - глобалдаштыруунун шартында эне тил менен эле чектелип калбастан, көп тил билишибиз керек. Тил үйрөнүү менен бирге ошол тилде сүйлөгөн элдин тарыхын, маданиятын жана мүнөзүн да үйрөнөбүз. Көп тил билүү - турмушта өз ордуңду табууга да жардам берет.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң, анын концерттик бөлүгү башталып, лицей окуучулары өздөрү окуп, үйрөнүп жаткан тилдерде (англис, немис, француз, кытай жана жапон) сүйлөгөн элдердин ырларын ырдап, бийлерин бийлеп беришти. 

alt