Шейшемби, Декабрь 07, 2021

КУУда "Курманжан датка - улут сыймыгы " аттуу студенттик конференция болуп өттү

Кечээ, 2011-жылдын 27-декабрында, КУУнун Чоң жыйындар залында университеттин мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган "Курманжан датка - улут сыймыгы " аттуу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары аралык студенттик конференция болуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил боюнча проректор Үмүт Култаева ачып, өз каалоолорун айтты. Курманжан датканын Камчыбек уулунан тараган чебереси, тарых илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин доценти Турсунай Өмүрзакова конференциянын катышуучуларына кызыктуу баяндама жасап берди. Сырттан келген 6 студент өз докладдарын, ал эми кытайлык студент Курманжан даткага арнап чыгарган ырын окуп берди. Иш-чаранын маданий бөлүмүндө студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү.

 

Жыйындын соңунда КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору конференция өз максатына жеткендигин белгилеп, жалпы катышуучуларга ыраазычылыгын билдирди жана докладчыларга чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен Ардак грамоталарды тапшырды.

 

datka_01 datka_03 datka_04 datka_06 datka_07 datka_08 datka_09 datka_10 datka_11 datka_12 datka_13 datka_14 datka_15 datka_16 datka_17 datka_18 datka_22