Шейшемби, Декабрь 07, 2021

"Баласагын булагы" радиоуктуруусунун тушоо тою өткөрүлдү

2011-жылдын 8-декабрь күнү КУУнун журналистика факультетинин радиостудиясында бир жылдан бери Кыргыз-Түрк Манас университетине караштуу "Манас  FM" радиосунун жыштыгынан жаңырган Кыргыз улуттук университетинин "Баласагын булагы" аттуу радиоуктуруусунун "Тушоо той" аземи болуп өттү. Салтанатка КТРК журналистери, "Манас FM" радиосунун мүдүрү Булент Намал, КУУнун педагогикалык ишмердүүлүк боюнча проректору Назаркул Ишекеев жана журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов катышты. Журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын жана 2-курстун студенттеринин демилгеси менен уюштурулган "Тушоо той" аземи жогорку деңгээлде өттү.

 

Салтанаттын коноктору «Баласагын булагы» уктуруусунун мындан ары алга карай өсүшү үчүн колдон келген жардамын берээрин айтышып, акчалай жардам көрсөтүштү. Ал эми "Манас FM" радиосунун мүдүрү Булент Намал аталган уктуруунун убактысын бир саатка созуп берээрин убада кылды.


Эске сала кетсек, «Баласагын булагы» уктуруусун ачуу демилгеси тележурналистика кафедрасынын жетекчиси Айна Дуйшекеева менен ошол эле кафедранын ага окутуучусу Атыркүл Кудайбергеновага таандык. Алар Кыргыз-Түрк Манас университети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, аталган уктурууга Кыргыз-Түрк Манас университетине караштуу "Манас  FM" радиосунан 55 минуталык убакыт бөлдүрүп алууга жетишкен. Ошентип, 2010-жылдын 8-декабрынан тартып журналистика факультетинин студенттери тарабынан даярдалган "Баласагын булагы" уктуруусу обого чыга баштады. Алгачкы уктуруу Кыргыз-Түрк Манас университетинин радиостудиясында даярдалган.


«Баласагын булагы» уктуруусунун жетекчиси болуп телерадиожурналистика кафедрасынын ага окутуучусу Атыркул Кудайбергенова дайындалып, программа алгачкы ирет кыргыз тилинде гана эфирге чыкса, кийинчирек орус тилинде да чыга баштады. Уктуруу журналистика факультетинин алкагында гана иш алып барбастан, КУУнун башка институттары менен да иш жүргүзөт. «Баласагын булагы» уктуруусу ар жуманын шаршемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 18:05те ободо жаңырат.


Уктуруунун максаты - "журналист" кесибин тандап алган студенттерди жаңы технологияларды колдонуу менен радиопрограмманы даярдоого үйрөтүү жана чыныгы проффессионалдык радиожурналистикага багыт берүү, студенттерге кыргыз элинин руханий байлыктарын сактоону эстетүү, ошондой эле угармандарды Улуттук университетте жана ааламда болуп аткан жаңылыктар, кызыктуу окуялар менен кабардар кылып туруу.

 

jur_01 jur_02 jur_03 jur_04 jur_05 jur_06