Шейшемби, Декабрь 07, 2021

Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов 60 жашта

Бүгүн, 2011-жылдын 9-декабрында, КУУнун Чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз эл акыны, драматург жана котормочу Эгемберди Эрматовдун 60 жылдыгына арналган «Акын Эгемберди Эрматов жана кыргыз поэзиясы: кечээ жана бүгүн» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Юбилярды КУУнун биринчи проректору Эрмек Усекеев тосуп алып, университеттин ишмердүүлүгү жана келечек пландары тууралуу айтып берген соң, маараке ээси жыйын өтчү залга киргенде, студенттер аны кол чабуулар менен тосуп алышты. Иш-чараны КУУнун педагогикалык ишмердүүлүк боюнча проректору Назаркул Ишекеев алып барды.

 

Илимий-практикалык конференциянын иши төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:

 

  • Э.Эрматовдун поэзиясы, анын поэтикалык изденүүлөрүнүн багыттары жана мүнөзү (жанр, тема, стиль, поэтика ж, б. маселелери);
  • Э.Эрматовдун котормочулук өнөрү, анын кыргыз котормо адабиятына кошкон. салымы;
  • 1970-2010-жылдардагы кыргыз поэзиясынын эволюциясы жана Э.Эрматовдун чыгармачылыгы: жалпылыктар жана өзгөчөлүктөр;
  • Азыркы кыргыз поэзиясы жана коом турмушу: проблемалар жана көз караштар.

 

erm_01 erm_02 erm_03 erm_04 erm_05 erm_06 erm_07 erm_08 erm_09 erm_10 erm_11 erm_12 erm_13 erm_14 erm_15 erm_16 erm_17 erm_18 erm_19 erm_20


Кыскача маалымат:


Эгемберди Эрматов 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Пум айылында туулган.


Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатын аяктагандан кийин Оштогу педагогикалык окуу жайында окуган. Эмгек жолун Кадамжай районунда «Ильич нуру» газетасында адабий кызматкер болуп баштаган. Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин кайрадан газетада эмгектенген.


1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун аяктап, "адабий кызматкер" деген кесипке ээ болгон. Окууну аяктап келгенден кийин бир нече жыл республикалык «Кыргызстан маданияты», «Кыргыз руху» гезиттерииде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында адабий кызматкер, бөлүм. башчы, баш редактордун орун басары, баш редактор болуп иштеген.


1997-2008 жылдары БатМУнун алдындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда окутуучулук кылып, студенттер үчүн «Алтын өрөөн» газетасын чыгарган.


Акындын алгачкы ыр китеби 1979-жылы «Ак дил» деген ат менен «Мектеп» басмасынан жарык көргөн. Ошондон бери Э.Эрматовдун ондогон ыр жыйнактары чыгып, поэзия күйөрмандарын кубандырып келе жатат. Айрыкча «Махабат», «Исфайрам авазы», «Заманкайрык» аттуу ыр жыйнактары, «Мухаммед пайгамбар» аттуу дастаны акындын орошон талантынан кеңири кабар берип турат.


Э.Эрматов "Жаңыл Мырза", "Ак Саткын менен Кулмурза", "Отурар баяны", "Кедейкан" сыяктуу поэтикалык драмаларын сахнага койдуруп, драматург катары да таанымал. Кыргыз драматургиясына кошкон салымы үчүн ага Т.Абдумомунов атындагы адабий сыйлык ыйгарылган.


Ал кыргыз элине таланттуу котормочу катарында да белгилүү. Чыгыштын улуу классиги Низами Гянжавинин «Жети сулуу», Кулкожо Акмат Яссавинин «Хикметтерин», ошондой эле чыгыштын улуу акындарынын чыгармаларын которуп кыргыз адабиятынын алкагын байытууга чоң салым кошкон.


Акындын ырларына Ж.Шералиев, Р.Абдыкадыров, М.Бегалиев, А.Карыбаев сыяктуу атактуу обончулар обон жазышкан. Эрматовдун ырлары көптөгөн тилдерге которулган.


Адабият тармагындагы көп жылдык үзүрдүү эмгеги үчүн ага 2002-жылы «Кырыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2011-жылы «Кыргыз эл акыны» деген ардактуу наамдар ыйгарылган.


Акыркы жылдарда ал коомдук ишмер катарында белгилүү боло баштады. Үй-бүлөлүк бийликти кетирүүгө кошкон салымы үчүн 2010-жылы «Апрель революциясынын баатыры» деген төш белги менен сыйланган. Азыр - Кыргыз Республикасыныи Жогорку Кеңешинин депутаты.


Жакында Эгемберди Эрматовдун 60 жылдык мааракесине карата чыгармаларынын жети томдугу 186 басма табак болуп «Бийиктик» басмасынан жарык кердү,