Четверг, Октября 17, 2019

КУУнун студенттери жана жаш мугалимдери Апрель революциясында шейит кеткендерге куран окушту

Бүгүн, 2011-жылдын 5-апрелинде, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана жаш мугалимдери "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барышып, өткөн жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяда шейит кеткен баатырлардын арбагына багыштап куран окушту жана мүрзөлөрүнө гүл коюшту. Андан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги музейдин экспонаттары менен таанышып чыгышты.


Аталган иш-чаранын уюштуруучусу - Кыргыз улуттук университетинин Жаштар комитети.