Ишемби, Апрель 01, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Төлөбек Абдырахманов юридикалык институттун жамааты менен жолугушту

00

2023-жылдын 17-мартында башкы имараттагы жыйындар залында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов юридикалык институттун жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын башында ал 28-февралда чыккан буйруктун негизинде Улуттук университеттин ректораты менен курамдык бөлүктөрүндө чоң өзгөрүүлөр болуп, 11 институт, 13 факультет, бир нече колледж түзүлгөнүн, ошол документ боюнча КУУнун курамында юридикалык институт пайда болгонун кабарлап, эки чоң курамды - мурдагы юридикалык факультет менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын - бириктириш абдан чоң маселе экендигин билдирди жана буга байланышкан бардык суроолорду окуу жылынын аягына чейин "кайра кайрылбагыдай" кылып чечип, 1-сентябрда жаңы окуу жылына киришүү зарыл экендигин баса белгиледи. 

Андан соң Төлөбек Абырахманов жыйындын катышуучуларына 2023-жылдын 11-мартынан тартып юридикалык институттун директорунун милдетин убактылуу аткаруу кызматы жүктөлгөн илимий иштер боюнча проректор, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеевди жана директордун орун басарлары болуп дайындалган мамлекеттик башкаруу илимдеринин доктору, доцент Досалы Иманбердиевди (окуу иштери боюнча), Нуржана Бардыбаеваны (тарбия иштери боюнча), юридика факультетинин кылмыш процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты Байтик Бузурманкуловду (илимий иштер боюнча) тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө ректор эмне үчүн бул адамдар аталган кызматтарга дайындалганын негиздеп, бириктирүүгө байланышкан суроолорго да жооп берди.

- Тынчсызданып, суроо берип атканыңарды да түшүнөм. Кудай Таала маңдайга ушуну жазыптыр. Мындан ары бири-бирибизге чыдап, бир коллектив болуп, чогуу иштешибиз керек. Суроолор болсо келгиле, кайрылгыла. Нооруз майрамында силерге аманчылык, ден-соолук каалайм. Бөөдө кырсыктан сырткары болгула, жаман көз, жаман сөздөн кудай сактасын. Улуттук университеттин реномесине, авторитетине маани берип, атагын чыгарып, чогуу, ынтымакта болуп, шымаланып иштеп койсок, жүзүбүз жарык болот, - деп сөзүн жыйынтыктады Төлөбек Абдырахманов. 

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

press knu 2023

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 384 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары