Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү
2022-жылдын 30-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы курамынын алгачкы отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары "2022-жылдагы КУУнун илимий иштеринин жыйынтыгы жөнүндө", "Биология факультетинин деканынын отчету", "География, экология жана туризм факультетинин деканынын отчету" каралды. Жыйындын жүрүшүндө Улуттук университеттин жаңы окумуштуу катчысы болуп юридика илимдеринин кандидаты, доцент Керимканова Жаңыл Жусуповна шайланды.
Жыйындын башында Эл аралык Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев менен Франциянын командору, генерал-майор Джодж Котленге "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу маселеси каралды. Султан Раев тууралуу мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан, ал эми Джодж Котлен тууралуу эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Ырысбүбү Бейбутова маалымат берип, тиешелүү чечим кабыл алынган соң, Төлөбек Абдырахманов Султан Раевге "КУУнун ардактуу профессорунун" дипломун тапшырды жана мантиясын кийгизди.
Жаңыдан гана КУУнун ардактуу наамына татыктуу болгон Султан Раев профессордук лекция окуп, өзү окуган Улуттук университеттин ардактуу профессору болуш ал үчүн сыймыктуу иш экенин белгиледи жана КУУнун өсүп-өнүгүшү үчүн колунан келген жардамын аябасын билдирди. - Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар аталган сыйлыктын алтын медалын үйүндө эмес, өзү окуган Стамбул университетинин ректоратында сактайт экен, - деп сөзүн улантты Султан Раев. - Мен дагы "КУУнун ардактуу профессору" катары Улуттук университет менен Стамбул, Гази, Анкара университеттеринин ортосунда кызматташтык мамилелерин орнотууга, алардын ортосунда окутуучулар менен студенттерди алмашуу иштерин жолго коюуга, университеттин окутуучуларынын эл аралык илимий конференцияларга катышуусуна салым кошууга даярмын.
Профессордук лекциясынан кийин Султан Раев мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алаханга Ахмет Байтурсыновдун өмүрү, чыгармачылыгы, анын кыргыз педагогдору менен лингвисттерине тийгизген таасири тууралуу тарыхый булактардын жана илимий адабияттардын негизинде жазган эмгектери, о.э. Ахмет Байтурсыновдун инсандык тагдыры менен чыгармаларына арналган эл аралык жыйындарга активдүү катышкандыгы үчүн "Казакстандын жогорку окуу жайлар ассоциациясынын Ахмет Байтурсынов атындагы медалын" тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги КУУнун 90 жылдыгына карата жолдоштору ИИМ системасында иштеген кээ бир эжейлерди “Офицердин жубайы” медалы менен сыйлаган. Бул сыйлыктарды аталган министрликтин өкүлү, полковник Султан Жоошбаевич Жоошбаев бизнес жана башкаруу факультетинин деканы, доцент Меримкуль Керимкуловага, педагогика факультетинин доценти Канымгүл Сураналиевага, тарых жана чөлкөм таануу факультетинин доценти Бегайым Жалиевага тапшырды.
Андан кийин ректор кворумду текшерип, окумуштуу катчы кворум бар экенин билдирген соң, отурумдун күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, убакытты сарамжал пайдалануу максатында "КУУнун кызматкерлерине “доцент” наамын ыйгаруу" маселеси каралып, добуш берүүнү өткөрүү жана жыйынтыгын эсептөө боюнча башында Айна Дүйшекева турган комиссия түзүлдү.
Комиссия ишин баштаган соң, "Докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү" жөнүндө илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев билдирүү жасады.
Чет тилдер факультетинин профессору Памира Кадырбекова германистика жана маданият аралык коммуникация кафедрасынын алдында "Лингвистика жана маданият аралык коммуникация" илимий мектебин ачуу тууралуу билдирүү жасап, анын максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди.
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев баяндама жасап, 2022-жылы Улуттук университетте аткарылган илимий иштер тууралуу айтып берди.
Андан кийин биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова менен география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова өздөрү жетектеген факультеттин азыркы абалы жана перспективалары тууралуу отчет беришти.
Эсептөө комиссиясынын төрайымы Айна Дүйшекеева чыгып сүйлөп, КУУнун кызматкерлерине “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө Улуттук аттестациялык комиссияга сунуш киргизүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын угузду. УАКка университеттин төмөндөгү окутуучулары сунушталды:
- Исраилова Гульмира Туткучевна - п.и.к., академик А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын доценти
- Абакирова Гульзат Жумабековна - п.и.к., академик А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын доценти
- .Салиева Гүлжан Алтынбековна - п.и.к., академик А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуунун методикасы кафедрасынын доценти
- Нарозя Алла Георгиевна - фил.и.к., орус жана чет элдер адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти.
Отурумдун соңунда ректор Төлөбек Абдырахманов КУУнун мурдагы окумуштуу катчысы Гүлзыйнат Аркабаева башка жумушка өтүү маселесин койгонун билдирип, соңку 5 жылдан берки аткарган иштери үчүн ага терең ыраазычылык билдирди жана жаңы окумуштуу катчы катары юридика илимдеринин кандидаты, доцент Керимканова Жаңыл Жусуповнанын талапкерлигин сунуштады. Ректордун сунушу Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- КУУнун студенттик кеңеши “Эки ооз сөз” аттуу жандуу маек өткөрдү
- Ага окутуучу Дубанаева С.А. чөлкөм таануу багытында билим алган студенттер үчүн кытай элинин маданиятына арналган ачык сабак өткөрдү
- Математика жана информатика факультетинин студенттери ишембиликке активдүү катышты
- География, экология жана туризм факультетинин эмгек жамааты студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрүштү
- 7-жатакананын жашоочусу бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи
- Экономика факультетинин студенттери карылар үйүнө барышты
- Экономика факультетинин студенттери Баткендеги кагылуушуда жапа чеккен аскерлерге жана элге жардам көрсөтүштү
- 7-студенттик жатакана студенттери вахтерша кызматкерлерин куттукташты
- Педагогика факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы “Свет” карылар үйүнө барышты
- Профессор Гулжамал Жаманкулова КРТКнын Маданият каналындагы Мамлекеттик тил күнүнө карата маекке катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Аман 31.08.2022 20:34
-
Шарип кызы Сезим
12.08.2022 07:18
Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...
-
Магистратура
04.08.2022 11:25
Юриспруденция боюнча магистрга тапшырайын дегем. Сайттан маалымат таппадым.
Студенттердин ?-лору
-
Жазгул
05.09.2022 23:06
Саламатсызбы!Ме н 2009ж окууга тапшургам ,Факультет Государственное и муниципальное управление.2014 жылы ...
-
Сезим
02.09.2022 21:55
Здравствуйте когда можно будет подойти восстановить учебу . Какие документы нужны для этого?!
-
Насип
09.08.2022 20:28
Саламатсызбы?Ма гистратура тапшырайын дегем, озум кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктагам ...
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Жазгул
03.09.2022 21:15
Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...
-
Гулзира
22.07.2022 12:08
Мен Қазақстанның тургунымын. КУУ нин бутургом, диплому уйөмүз өртөнгөде өртенип кетти кайра ...
-
Нурсултан
18.05.2022 11:43
Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?
Пикирлер жана сунуштар
-
Айзирек
13.09.2021 15:15
Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Студенттин суроолору
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...