Бейшемби, Февраль 09, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда “Массалык маалымат каражаттары жаңы өзгөрүүлөр шартында” аттуу эл аралык медиафорум болуп өттү

0

2022-жылдын 5-декабрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз телеберүүсүнүн күнүнө арналган “Массалык маалымат каражаттары жаңы өзгөрүүлөр шартында” аттуу эл аралык медиафорум болуп өттү. Жыйындын алдында 1-кабаттын фойесинде журналистика факультетинин “Телевидение” багытынын 4-курс студенттери тарабынан “Фото искусство” сабагыньн алкагында даярдалган “Мен сени сүйөм, өмүр!” аттуу сүрөт-көргөзмөсүнүн, көзү өтүп кеткен журналисттерди эскерүү максатында телерадиожурналистика кафедрасынын жанында уюштурулган “Биз силерди эскеребиз!” фото-галереясынын, “Баласагын ТВ” студиясынын чыгармачылык өнөрканасынын жана 2-кабатта жайгашкан КУУнун пресс-борборунун ачылышы болду.

Ачылып жаткан объектилердин алдына тартылган кызыл ленталарды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, УТРКнын директору Кайрат Иманалиев, жазуучу жана саясий ишмер Каныбек Иманалиев, "Кут билим” медиа борборунун директору Кубат Чекиров, мезгилдүү басма сөз кафедрасынын профессору Абдыганы Халилов, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин басмакерлик-редакторлук жана дизайнердик өнөр кафедрасынын ага окутуучусу Даурен Мухамеджанов кесишти.

Медиафорумдун салданаттту ачылыш аземи журналистика факультети тууралуу даректүү тасма менен башталып, КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, УТРКнын директору  Кайрат Иманалиев, Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадр Султанбаев, жазуучу жана саясий ишмер Каныбек Иманалиев, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Елена Вартанова  (онлайн), Белорус мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканынын орун басары Виктория Коршук (онлайн), Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин деканы Нуржан Куантайулы (онлайн), ошол эле окуу жайдын журналистика факультетинин басмакерлик-редакторлук жана дизайнердик өнөр кафедрасынын ага окутуучусу Даурен Мухамеджанов куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жыйын Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин "Оркестр дирижёрлугу" кафедрасынын Р. Жунушов жетектеген комузчулар ансамбли менен К. Бектурганов жетектеген "Салттуу музыка жана фольклор" кафедрасынын ансамблинин өнөрпоз студенттери аткарган К.Орозовдун “Жаш кербез”, А.Насирдиновдун “Жарчы”, казактын “Көр оглу” күүлөрү, Манас айтуу, о.э. “Жүрөгүмдөн”, “Сардал кыз” элдик ырлары жана кыргыз бийи менен коштолуп турду.

Түшкү тыныгуудан кийин Санариптик технологиялар борборунда медиа чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүү жана жаңы чакырыктарга даярдык көрүү боюнча талкууга жаш адистердин, илимий коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын катышуусун активдештирүү максатында өткөрүлүп жаткан Медиафорумдун пленардык отуруму башталып, Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин басмакерлик-редакторлук жана дизайнердик өнөр кафедрасынын ага окутуучусу Даурен Мухамеджанов, ошол эле университеттин педагогика жана билим берүү менеджменти кафедрасынын профессору  Сараш Конырбаева (онлайн), КУУнун журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын доценти Айна Дүйшекеева, Аль-Фараби атындагы КазУУнун журналистика факультетинин басма сөз жана электрондук ММК кафедрасынын окутуучусу Элкуат Төлеметов, "Улут" проектинин өкүлдөрү Өмүрбек Абдырахманов менен Чолпон Ашымова, 5-каналдын спорттук комментатору Гүлмира Үмөталиева жана журналистика факультетинин телерадиожурналистика кафедрасынын ага окутуучусу Лира Калчаева форумдун темасы боюнча баяндамаларды жасашып, журналистика чөйрөсүндөгү маселелердин бардык спектри, эл аралык журналистиканын актуалдуу маселелери, медиа чөйрөсүн өнүктүрүүнүн тенденциялары жана көйгөйлөрү, жаңы өзгөрүүлөр жана ММКнын учурдагы абалы  боюнча кызуу талкуу болду.

Жыйындын соңунда журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк баяндамачыларга ыраазычыпык каттарын тапшырды.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

45

46

48

50

51

52

53

54

55

56

60

61

62

64

65

66

67

68

69

70

71

73

74

75

76

77

78

80

81

82

84

86

88

90

91

92

93

94

95

96

97

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 543 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары