Жума, Октябрь 07, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

М.Исабекова: Исхак Раззаковдун улуттун улуу инсаны экенин тастыктаган алгылыктуу эмгек

Кыргыздын чыгаан уулу, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков жана анын ишмердүүлүгү жөнүндо макалалар жана  эмгектер Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин пайда боло баштаган.

2021-жылы саясат таануу илимдеринин доктору, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ж.Жоробековдун «Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны» деген көлөмдүү, 24 б.т. турган китеби  жарык көрдү. Бул эмгекте автор Исхак Раззаковдун көрөгөчтүгүн, мекенчилдигин, билимдүүлүгүн, анын көп кырдуу эмгегин илимий даректерге, булактарга, олуттуу эмгектерге негиздеп, жеткиликтүү талдоо жасап, окурмандардын кеңири аудиториясына тартуулады.

Ж.Жоробековдун аталган китебинде, негизинен, Исхак Раззаковдун 1945-жылы Кыргызстанга келгенден кийинки ишмердүүлүгү чагылдырылат. Ошол кездеги жалпы СССРдеги саясый кырдаалга карата автор изилдеп жаткан проблемаларды негизинен архивдик жана жазма булактарга таянып так-даана ачып берген. Ушул жерде, сөздүн удулу келип турганда, тактай кетейин деген оюм. Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткен областынын Лейлек районундагы Коросон айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 3 жашка чыкканда апасы, 8 жашка чыкканда атасы каза болуп, Исхак  тоголок  жетим калат. Анан аны кимдир бирөөлөр балдар үйүнө алып барып орноштуруп койот деп, официалдуу жерлерде айтылып, киносунда ж.б. эмгектерде да ушинтип баяндалат эмеспи.

Ошол мезгилде 1917–1918 жылдары  совет бийлигин орнотууга активдүү катышып, эң алгач Самарканд волостуна караштуу Ходжент уездинин аткаруу комитетинин алдындагы жер-суу комитетинин башчысы, андан кийин Боксо-Исфана болуштугунун аткаруу комитетинин председатели болуп басмачыларга каршы күрөштө ыктыярдуу отрядды жетектеген Исабек Бектемиров деген менин  чоң атам болгон. Ал келечекте элибизге кереги тиет, окусун деп, болуштугундагы  жетим балдардын арасынан өтө зээндүү, дилгир, жөндөмдүү 11 баланы  тандап, Ходженттеги жетим балдар үйүнө өзү алып барып, жайгаштырып, алардан дайыма кабар алып, андан аркы  окуусуна, келечегине тыкыр көз салып турган, (алардын катарында  белгилуу мамлекеттик, коомдук ишмер Исхак Раззаков да болгон). Эл ичинде аны молдо Исабек дешкен, анткени  ал өзү да сабаттуу болуп, өзбек, таджик, орус тилдеринде  эркин сүйлөгон жана эл ичинде кадыр-барктуу инсан болгон. И.Раззаков Кыргызстанга келип, иштеп турган кезинде Лейлекке барганда Исабек болушту сураштырат. Ал кишинин дүйнө салганын угуп, атайын барып бата кылып кеткенин атам айтып калчу.

Ошол он бир баланын ичинен И.Раззаковдон башка да эли-журтуна белгилүү болгон коомдук жана мамлекттик ишмерлер өсүп  чыгышкан. Айталы, СССРдин Кытайдагы элчилигинде дипломатиялык кызматты аткарган Разак Мавлянов, жооптуу аскер кызматтарында иштешкен Усман Элмуратов, Мырзали Шаматов, Шади Жороев. Ташкенттеги өзбек профессору, физика- математика  илимдеринин доктору Атакозу Азизов. Советтик жана партиялык  жооптуу кызматтарда иштеген Каттабек Жороев, Гапар Базарбаев, Наби  Отбасаров, Суйун Карим ж.б. болгон. Ал эми  Исхак  Раззаков болсо Ходженттен 1923-жылы Ташкенттеги балдар үйүнө билим  алууга которулуп, 1925-жылы педтехникумга кирип, 1931-жылы агартуу институтун аяктап, ошол окуу жайында мугалим болуп иштей баштаган. Мамлекеттик   ишмер катарындагы жолу 1936–жылы Москвадагы Плеханов атындагы пландоо институтун аяктагандан кийин Өзбек Республикасынын мамлекеттик пландоо комитетинин бөлүм башчысы болуп иштөөдөн башталат, көп өтпөй эле  Фергана обласынын мамлекеттик пландоо комитетинин торагасы, андан кийин эле Өзбек ССРинин мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасысынын орун басары жана Совнаркомдун төрагасы болуп, чоң кызматтарды аткара баштаган.

1945-жылы 4-ноябрда КПСС БКнын Саясий бюросунун чечими менен Совет өкмөтү Исхак Раззаковду Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагалык кызматына дайындайт. Ал эми 1950-жылдын 25-июлунда Кыргызстан КП(б) БКнын биринчи  катчысы болуп дайындалып, өз элине келгенден тартып 1961–жылга чейинки (кызматтан кетирилгенге чейин) мезгилдерде мамлекет  үчүн кам көруп, өз эли, жери, жаштардын келечеги үчүн жасаган үзүрлүү эмгектери калк тарабынан гана эмес, союздук мамлекет тарабынан да жогору бааланган. И.Раззаков билим берүү тармагына өзөгөчө көңүл бургандыктан мектептердин, жогорку окуу жайларынын саны осүп, орус тилиндеги мектептерде кыргыз тили окутула башталган. Анын учурунда Кыргыз ССР илимдер  академиясы, Кыргыз улуттук университети, Кыз-келиндер педагогикалык институту, Фрунзе политехникалык институту, Кыргыз мамлекеттик физкультура  институту, Ош, Пржевальск педагогикалык институттары жана бир канча медициналык окуу жайлар, техникумдар ачылган. Анын демилгеси менен  кыргыздын мыкты уул-кыздарын Россиянын Москва, Ленинград ж.б. чоң  шаарларына окууга жиберилип, илимий-педагогикалык, илимий-техникалык, инженердик кадрлардын калыптанышына керектуу шарттар  камсыздандырылган. Белгилеп  кетчү нерсе,  И.Раззаковдун демилгеси менен 1952-жылы Фрунзе шаарында «Манас» эпосу боюнча жалпы союздук илимий конференция өткөрүлүп, анда эпостун чыныгы элдик чыгарма экени таанылган.

И.Раззаковдун талыкпас эмгеги өз натыйжасын берип. Фрунзедеги айыл-чарба машина куруу заводу, Ош-Бишкек жолу, Лебединовка, Аламүдүн, Пржевальск ГЭСтери, Кыргызавтомаш заводу, Оштогу электромеханикалык завод, борбордогу бут кийим фабрикалары ж.б. айыл чарба, өнөр жай обьектилери ишке киргизилген. Талыкпас эмгектери үчүн И.Раззаков убагында төрт жолу Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Кызыл Жылдыз, 1- даражадагы Атамекендик согуш, СССРдин, Кыргыз жана Өзбек ССРлеринин  бир топ медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланган. Күчкө толуп, көп тажрыйбага ээ болуп элине-жерине кызмат кылып жаткан мезгилде ал бир жагынан эки жүздүү саясий оюндардын, экинчи жагынан караганда ошол мезгилдеги замандын идеологиясынын курмандыгы болуп, 1961-жылдын 9-майында Кыргызстан КП БКнын пленумунун чечимине  ылайык, Республиканын партиялык уюмундагы каталыктары жана кемчилдиктери үчүн деген айып менен кызматынан бошотулган.

Автор И.Раззаковдун кызматтан алынышынын негизги себептерин так, даана жана ынанымдуу көрсөткөн. Болбосо коомчулукта Т.Усубалиевдин  көрө албасытыгынан эле иштен кеткен деген туура эмес пикир бар эле. Ж.Жоробеков бул жагын бир топ чечмелеп, ачыкка чыгарды го деп ойлоймун. Себеби И. Раззаковдун эмне үчүн иштен алынганын азыркы муундар гана эмес, ошол мезгилдеги советтик, партиялык кызматкерлер, жөнөкөй калк да толук кабардар болуп, түшүнө алган эмес. Андан бери канча жылдар өтсө да  А.Токомбаев: «өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет» деп айткандай, ак акка чыгып, И.Раззаковдун тарыхтагы орду, анын элине-жерине жасаган ак эмгеги бааланып, быйыл анын 110 жылдык юбилеи алгачкы жолу филармонияда жогорку мамлекеттик денгээлде белгиленди. Бул жагдайда албетте, жогоруда белгилегендей жакында жарык көргөн Ж.Жоробековдун көп жылдык эмгегинин натыйжасында жарык көргөн «Искак Раззаков улуттун улуу инсаны» деген эмгегинин өз орду бар. Бул китепте автор өзү белгилегендей өзүнө чейинки жазылган тарыхчылардын, журналисттердин, жазуучу-акындардын И.Раззаков тууралуу жазган  эмгектерин, макалаларын, советтик, партиялык кызматтарда иштеген Исхак Раззаковдун замандаштарынын эскерүүлөрүн жана даректик, архивдик, стенограммалык материалдарды пайдалануунун негизинде, И,Раззаковдон кийинки Т.Усубалиевдин республиканы башкаруу мезгили,  Искак  Раззаковдун Москвадагы жылдары, Кыргызстанга экинчи келиши эмне үчүн акыркы болгону, жана анын сөөгүнүн Кыргызстанга алып келиниши жана анын айланасындагы саясатты бул китепте окурмандарга жеткиликтүү  деңгээлде чагылдырып, Исхак Раззаковдун чыныгы эмгекчилдиги, патриоттуулугу, көсөмдүгү, чечендиги, акылмандыгы,  билимдүүлүугү ошону менен кошо адамгерчиликтүү жөнөкөй мүнөзү даана баяндалып берилген.

Китептин бет ачаарында академик А.Эркебаев: И.Раззаковдун Тажикстандагы, Өзбекстандагы мезгили, андан соң Кыргызстанга келгенден кийинки республиканын инфраструктурасын көтөрүүгө кошкон зор салымы жеткиликтүү чечилген эмес дегендей пикир айтып кетиптир. Эми академиктин  айтканы, бир жагынан туурадыр,  бирок автор китебинде бул И.Раззаковдун өмүр жолунун тыкыр хронологиясы эмес деп белгилеп жатпайбы. Менин оюмча, И.Раззаковдун Тажикстан, Өзбекстан, керек болсо, Москвада окуган жылдарын өзүнчө тема катары изилдесе болот. Ал эми республиканын экономикасын көтөрүүдөгү ролун экономисттер изилдесе, саясий илимдердин өкүлү катары Ж.Жоробеков азыр биз кеп кылып жаткан эмгегинде И.Раззаковдун ишмердигинин саясый  тараптарына басым жасаганы байкалып турат. Ал гана эмес, И.Раззаковдун сөөгүн алып келүү да чоң саясат болгону окурманды  ынандырат.

Эми аягында, мен тарыхчы катары белгилей кетчү бир жагдай - И.Раззаков өз мезгилинде тарыхта калчу, тагдыр чеччү жалпы союздук төрт конференция өткөргөн. Алардын бири - Манас эпосу боюнча конференцияны, жогору жакта белгилегендей, автор жакшы берген. Эми тарыхчылар этногенез, 1916-жылкы Үркүн жана Молдо Кылыч боюнча өткөргөн жалпы союздук конференциялардын материалдарын да талдап беришсе жакшы болмок. Анткени СССРдин мезгилинде бул маселелерди көтөрүш өзү опурталдуу эле. Акырында айтарым, Ж.Жоробеков мындан ары келечекте И.Раззаковду изилдөөчүлөргө  кайсы тема боюнча эмнелерди кароо керек экенин да белгилеп берген десек болот. Бул маанилүү эмгек келечек муунду патриоттук духта тарбиялоого, биздин кечеги тарыхыбызды билгенге зор роль ойнойт деп ойлоймун.

Исабекова Мархамат - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин доценти, тарых илимдеринин кандидаты

isabekova

__________________________________ 

raz 01

raz 02

raz 03