Шейшемби, Декабрь 07, 2021

Математика менен басма сөздүн кандай байланышы бар?

00

2021-жылдын 23-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинин активист студенттери КУУнун басма сөз кызматынын башчысы Жээнбек Эралиев менен жолугушту. Иш чараны факультет деканы Изат Усенов ачып, бүгүнкү жыйындын максаты - Маалымат жана басма сөз күнүн белгилөө менен бирге “Басма сөз тармагы менен математиканын байланышы барбы?” деген студенттердин суроосуна жооп издеп көрүү экенин билдирди.

Жээнбек Эралиев факультет жетекчилигине журналисттердин кесиптик майрамын унутта калтырбай, жолугушууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, студенттерге басма сөз кызматына кантип келип калгандыгы, ал жердеги жумуштун өзгөчөлүгү тууралуу баяндап берди. Анын айтымында, математикалык логиканы, програмалоону жана маалымат технологияларын билүүнүн журналисттик кесипте да зор пайдасы бар. Анткени, азыркы заманда маалыматтын текстин ыкчам даярдап, ага фото, видео материалдарды кошуп, монтаждап, тез аранын ичинде жарыя кылбасаң, 3-4 сааттан кийин анын эч кимге кызыгы жок болуп, актуалдуулугун жоготот. Ал үчүн маалымат иштетүүчү, фото, видеону монтаждоочу ар кандай програмаларды жетиштүү деңгээлде билиш керек. Текстти кыска, бирок маңыздуу кылып даярдоодо да математика жардамга келет.

- Ошондуктан, урматтуу жаштар, студенттик күндөрдү бекер өткөрбөй, математика менен бирге компьютердик технологияларды жана англис тилин үйрөнүп, университеттен практикалык маселелерди чечүүгө жарай турган адис болуп чыксанар, силер жумуш издебей, жумуш силерди издеп калат. Айтмакчы, Кыргызстандагы белгилүү журналисттердин арасында математиктер, физиктер да бар. Мисалы, убагында “Ала-Тоо” програмасында диктор, «Рабаят» програмасында алып баруучу болуп иштеген белгилүү журналист Каныбек Темиров, КТРКнын белдүү журналисттеринин бири Уланбек Дыйканбаев жана башкалар.

Жолугушуунун соңунда, Жээнбек агай колдонмо математика багытында окуган студенттерге кайрылып, 4-курсту аяктагыча объектке багытталган программалоо тилдери менен кошо веб-программалоодо колдонулуучу Python, HTML, Java Script, PHP жана CSS сыяктуу тилдерди үйрөнүп коюу ашыкча болбосун белгилеп, студенттердин суроолоруна жооп берди.

02

04

06

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 940 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:16
    Мен колежди бутургом. Азыр универге. Тапшырсам болобу? Програмитмин

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 11.11.2021 07:32
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

     
  • Нурадил 25.10.2021 08:44
    Саламатсызбы. мен 2017 жылы лингвистика факультетин жаңы жылга чейин жарым курс окуп шартка байланыштуу ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Бекжан 10.11.2021 13:47
    Здраствуйте! Я щяс учусь на первом курсе в очной , хотчу перейти на заочной . Как мне поступить

    Толугу менен...

     
  • Алмагүл 18.10.2021 20:08
    Саламатсызбы, педагогикалык переквалификаци ядан өтүү керек, кимге кайрылуу керек? Жардам ...

    Толугу менен...

     
  • Тохир 12.10.2021 17:48
    Здравствуйте,по могите пожалуйста уточнить один вопрос. Я, Тургунов Тохир Турсунович, родившийся в ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

     
  • Бегай 11.07.2021 11:33
    Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары