Жекшемби, Октябрь 24, 2021

Улуттук университетте Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди

2021-жылдын 5-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Улуттук университеттин айрым кызматкерлери Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси, Ардак грамотасы, о.э. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымдары үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "Кыргыз тили" төш белгиси жана Ардак грамотасы менен сыйланышты. Сыйлыктарды окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) тапшырышты.

Сыйлык тапшыруу аземи концерттик номерлер менен коштолуп турду.

Министрликтин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйлангандар:

  • Имашбекова Нуржамал Джумашбековна - чет тилдер факультетинин ага октуучусу
  • Арзыгулова Суракан - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин ага окутуүчүсү
  • Алымкулов Алисбек Толбашиевич.

Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

  • Абдырасулова Жеңишгүл Садыковна эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу
  • Апышова Гүлбүбү Жанболотовна - физика жана электроника факультетинин жетектөөчү адиси
  • Баязова Айгүл Асыкбаевна - физика жана электроника факультетинин физика кафедрасынын ага окутуучусу
  • Каныметова Гүлмира Джапаровна -1физика жана электроника факультетинин электроника жана теориялык физика кафедрасынын лаборатория башчысы
  • Мукашова Аида Белековна - физика жана электроника факультетинин физика кафедрасынын ага окутуучусу
  • Токушева Төлөбүбү Сагынбековна - кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын профессору, ф.и.к.
  • Асанов Темиркул Ишекеевич - тарых жана чөлкөм таану факультетинин доценти
  • Дөөлотбакова Ракыя Жумакадыровна - факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын доценти.

Улуттук комиссиянын "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйлангандар:

  • Камчыбек уулу Мырзабек - социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы
  • Казакбаева Айгул - мамлекеттик тил бөлүмүнүн башкы адиси.

Улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:

  • Усенов Эрнис - экономика факультетиннн доценти
  • Эрматова Махабат - адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
  • Эсентурова Чынара - кыргыз-европа факультетинин тилдер кафедрасынын ага окутуучусу.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

80

82

50

52

54

56

58

60

62

64

66

68

70

72

press knu 2021