Жекшемби, Октябрь 24, 2021

Майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер!

Урматтуу биздин устаттар, кесиптеги чыйыр жолду баштап берген насаатчылар, жол көрсөтүп, акылмандуулук, көрөгөчтүк менен турмуштагы, жумуштагы ар бир кырдаалды жеңип, биз үчүн үлгү болгон асыл инсандар, сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздер менен тажрыйба алмашып, кеп-кеңештериңиздерди угуп, ак бата  алуу, өмүрдөгү өрнөк боло турган сабактарды сиздер аркылуу көрүп-билүү бизге буйруган чоң кут деп билебиз.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде не деген залкар окумуштуулар, не деген чыгаан инсандар иштеген эмес. Бүгүнкү күндө дагы уучубуз кур эмес. Эл сыймыктары, эмгек сиңирген ишмерлер, мугалимдер, эл жазуучулары, илимдин доктор-профессорлору эмгектенип, илим-билимдин даңгыр жолундагы данакерлигин көрсөтүп жатышат. Университеттеги ар бир чоң салтанат кадырман карыларыбыздын ак батасы жок эч качан башталбайт. Урматтуу улуулар, улуу муундун үлгүлүү адамдары, агай-эжейлер, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер үчүн окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын жана студенттеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында биз Кыргыз Республикасынын эң алдыңкы, билими күчтүү  университетинде эмгектенүүдөбүз. Сиздер бүгүнкү күндө да коомдук жашоодо өз активдүүлүктөрүңүздөр менен жаштарды тарбиялоодогу зор  салымыңыздарды кошуп келүүдөсүздөр. Сиздерге эң негизгиси бекем ден соолук, бакыт-таалай, жакындарыныздарга бакубат жашоо каалайбыз.

Терең урматтоо менен профсоюз комитети.

P.S. Жылдагыдай эле карылар күнүнө карата Университеттин администрациясы, профсоюз комитети тарабынан учурда эмгектенип жаткан карыларыбызга (аз да болсо) көңүл катары акчалай материалдык жардам көрсөтүлөт.

* * *

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары, биздин сүйүктүү мугалимдер! Сиздердин келечекке жарык жол ача турган билим кемеңиздер эч качан чөкпөсүн. Ал билим кемеси аркылуу биз жарык илим дүйнөсүнө кез келип, анда окуп, илимий тажрыйба алып алдыга умтулабыз. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, кетпеген бакыт, оомат каалайбыз. Эмгегиниздердин канчалык кыйын экенин, түйшүктүн түмөндүүлүгүн студенттер, ата-энелер анан албетте жалпы жамаат ар дайым туюп билебиз.

Мугалимдик жол - ары татаал, ары жоопкерчиликтүү, ар мүнөт сайын толгонткон, ойлонткон татаал кесип. Бирок, мугалим болуу кандай гана сыймык! Биздин окуу жайда эң мыкты, өз ишин сүйгөн сыймыктуу мугалимдер эмгектенет. Улуттук университетте эмне деген гана илимдин докторлору, профессорлор, окумуштуулар эмгектенбейт. Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн эң беделдүү окутуучулар эмгектенип, окуу жайдын атын чыгарып, илим-билим уюткусу болуп келишүүдө. Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Кесиптик майрамыңыздар менен!

Терең урматтоо менен профсоюз комитети.

P.S. Профсоюз комитети билим кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 2021-жылдын 1-2-октябрь күндөрү факультеттер, бөлүмдөр аралык мини-футбол боюнча профсоюздун өтмө кубогун уюштурат!

02