Жума, Июнь 18, 2021

Профессор К.Нурбековдун жаркын элесине арналган жыйын болуп өттү

КУУнун ректору Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

00

2021-жылдын 25-май күнү КУУнун ректору Канат Садыков Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов мырзаны кабыл алды. Жолугушуу учурунда Өзбекстандын Элчилиги менен Кыргыз улуттук университетинин ортосунда билим берүү тармагы боюнча кызматташтыкты орнотуу жана андан ары өркүндөтүү маселелери талкууланды. 

Канат Садыков кошуна өлкөнүн жогорку деңгээлдеги дипломатиялык өкүлүн Улуттук университетке келиши менен кызуу куттуктап, экономика чөйрөсү менен билим берүү системасынын ортосундагы кызматташуунун германиялык модели Өзбекстанда да өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылып жатышына кызыгуу зор экенин, азыркы учурда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы алакаларды орнотууга жана өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын белгиледи.

Хуршид Мирзахидов мырза КУУнун жетекчилигине жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү системасы калган баардык маданий-гуманитардык, коомдук-экономикалык мамилелелерге негиз боло турган платформа экенин белгиледи. Ал о.э. элчи катары Улуттук университеттин Өзбекстан жогорку окуу жайлары менен азыркы учурда иштеп жаткан проекттерин өркүндөтүүгө жана жаңы мамилелерди орнотууга көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

Жолугушууга о.э. өзбек элчисинин кеңешчиси Улугбек Абдуяминов менен ректораттын алдындагы кеңешчи Калнур Ормушев катышты.

02

04

06

08

10

12

14

press knu 2021 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 2369 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мелис 05.06.2021 14:09
    Мен программистке тапшырайын деген элем кантракт канча кандай тапшырса болот 9класстан кийин

    Толугу менен...

     
  • Бегайым 30.05.2021 14:11
    Саламатсызбы тарых факультети барбы контракт канча?

    Толугу менен...

     
  • Gulzat 07.05.2021 18:54
    Программистерди н контрагы канча?

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Ибраев Искендер 18.05.2021 18:13
    Саламатсызбы, мен окуудан отчисления болуп кеткем. Бюджет окучумун. Аттестат жана башка документттерди ...

    Толугу менен...

     
  • Медина 10.05.2021 22:30
    Саламатсызбы! Сессия убагында академия алууга мумкунбу

    Толугу менен...

     
  • Батма 07.05.2021 11:34
    Саламатсыздарбы Мен азыркы учурда Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары