Жума, Июнь 18, 2021

Профессор К.Нурбековдун жаркын элесине арналган жыйын болуп өттү

КУУда "Юрист" илимий-практикалык журналынын бет ачаары болду

002021-жылдын 21-майында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда «Юрист» илимий-практикалык журналынын бет ачаар аземи болуп өттү. Иш чарага Президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Адилет министрлигинин, Жогорку аттестациялык комиссиянын, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана илимпоз-юристтер менен практиктер катышты.

Иш чараны юридика факультетинин жазык процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын доценти Доорон Нуриев ачып, сөз кезегин КУУнун ректору Канат Садыковго берди. Улуттук университеттин жетекчиси бет ачаары өтүп жаткан басылманын жолу байсалдуу болуп, окурмандары көбөйө беришине тилектеш экендигин жана журнал кабыл алынган мыйзамдарды колдонууда пайда болгон маселелер менен аларды чечүүнүн жолдорун кеңири чагылдырып тураарына терең ишенээрин билдирди.

«Юрист» илимий-практикалык журналынын чыга башташы менен басылманын негиздөөчүлөрүн о.э. Жогорку соттун конституциялык палатасынын судьясы Жедигер Саалаев, Президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Мурат Укушов, Адилет министринин орун басары Кынатбек Сманалиев, Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары Саткынай Насбекова, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана маалымат системалары факультетинин деканы Алтын Асанова, аталган окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев, ИИМ академиясынын илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинин начальниги Айбек Адилов, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин эл аралык укук жана адилеттүүлүк институтунун директорунун орун басары Татьяна Хребтоважазык процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын профессору Турдукан Жумабекова менен ага окутуучусу Эрнис Усенов куттукташты.

Жыйындын соңунда «Юрист» илимий-практикалык журналынын башкы редактору, юридика факультетинин жазык процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын башчысы Толкун Салыбекова чыгып сүйлөп, аталган журнал өз каражатына чыкканын, максаты - мыйзамдарды коомдо колдонууда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди, чыгаан кесипкөй юристтердин укук талаасындагы ар кандай көз караштарын, ой-пикирлерин, сындарын, жетишкендиктерин, о.э. юрист-окумуштуулардын илимий эмгектерин чагылдыруу экенин, журнал квартал сайын мамлекеттик жана расмий тилде чыгаарын, жакынкы күндөрдө "jurist.kg" деген ат менен электрондук сайты ачылаарын айтып берди. Ал о.э. элдин көйгөйлүү суроо-талаптары кабыл алынып, акысыз юридикалык кеңеш берилээрин да белгиледи.

004

006

008

010

012

014

016

018

020

022

024

026

028

030

032

034

036

038

040

press knu 2021 

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 2718 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мелис 05.06.2021 14:09
    Мен программистке тапшырайын деген элем кантракт канча кандай тапшырса болот 9класстан кийин

    Толугу менен...

     
  • Бегайым 30.05.2021 14:11
    Саламатсызбы тарых факультети барбы контракт канча?

    Толугу менен...

     
  • Gulzat 07.05.2021 18:54
    Программистерди н контрагы канча?

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Ибраев Искендер 18.05.2021 18:13
    Саламатсызбы, мен окуудан отчисления болуп кеткем. Бюджет окучумун. Аттестат жана башка документттерди ...

    Толугу менен...

     
  • Медина 10.05.2021 22:30
    Саламатсызбы! Сессия убагында академия алууга мумкунбу

    Толугу менен...

     
  • Батма 07.05.2021 11:34
    Саламатсыздарбы Мен азыркы учурда Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары