Дүйшөмбү, Март 01, 2021

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Туулган күнүңүз менен, урматтуу Канат Жалилович!

Профсоюз комитети 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайт!

00

Ар бир белгиленип жаткан майрамдын  өз тарыхы, жеңиши, анын өз өлкөсүндөгү алган орду, символикасы бар. 23-февраль Ата Мекенди коргоонун майрамы. Аты айтылып тургандай Ата Мекенди коргоо - демек, туулуп-өскөн жерин, мекенин, кичи мекенин ал турсун топурак, суусуна чейин коргоо дегенди билдирет. Ар убак мекен үчүн чепке туруп, душманга түз карап, кара жанын эмес, калктын амандыгын ойлогон не бир азамат жигиттерибиз, мырзаларыбыз бар! 

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин сыймыктуу агайлары, кадырлуу мырзалары, жигиттер,студенттер, сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Өлкөдөгү азыркы тынчтык, туруктуулук жана биримдик – бул элибиздин улуу энчиси. Тынчтык болсо, экономика өнүгөт, илим –билим илгерилейт,  адамдар бейкут турмушта жашап жана эмгектенип, бакубат турмушту курушат. Мына ушундай жаркын күндөрдү камсыздай турган, апалардын үмүтү, айымдардын тиреги сиздерсиздер! Кымбаттуу кесиптештер, урматтуу агайлар сиздер да өз кезегиңиздерде аскерге барып, мекен жүгүн артынып, атуулдук милдетиңиздерди так өтөп келгенсиздер.  Улуттук университетте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ардагерлери эмгектенип, патриоттук дух менен студенттерди тарбиялаганы, ал эми азыркы учурда  Ооган согушунун ардагерлери менен бирге замандаш болуп, алар баскан жолдор менен биз басып, кесиптеш болуп, студенттердин  сиздерден билим алып жатканына чексиз ыраазычылык билдиребиз! Бул биз  үчүн өтө сыймыктана турчу  баалуу нерсе!

Бул майрам күнү ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайбыз. Ардагерлерибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейбиз. Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалап, эсенчилик, иштеги албан-албан ийгиликтерди тилейбиз. Майрамыңыздар менен!

02

Терең урматтоо менен, Профсоюз комитети.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 411 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

     
  • Калыкова 30.01.2021 19:56
    Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.

    Толугу менен...

     
  • Сатылганов Максат 27.01.2021 22:47
    Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Зарина 21.02.2021 09:03
    Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...

    Толугу менен...

     
  • Нур 24.12.2020 19:15
    Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...

    Толугу менен...

     
  • Илгиз 23.12.2020 19:20
    Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары