Дүйшөмбү, Март 01, 2021

60 жаш кутман курагыңыз кут болсун, урматтуу Канат Жалилович!

Урматтуу Канат Жалилович! Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректораты, жалпы эмгек жамааты жана бириккен профсоюз комитети Сизди 60 жаш кутман курагыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайт! Сиз Улуттук университет эң кыйын күндөрдү баштан кечирип жаткан оор мезгилде жетекчиликке келдиңиз. Бирок, арадан өткөн төрт жыл ичинде Сиз, урматтуу Канат Жалилович, өзүңүзгө мүнөздүү токтоолугуңуздун, иш көзүн билген бай тажрыйбаңыздын жардамы менен окуу жайыбызда ынтымак-ырашкерликти, бирин бирин түшүнүшүүнү, өз ишине болгон жоопкер мамилени терең калыптандыра алдыңыз.

Куттуу уябыздын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жасап жаткан аракетиңизди жана эмгегиңизди, ошондой эле Сиздин жетекчилигиңиз менен болуп жаткан алгылыктуу иштерди, кубанарлык жетишкендиктерди университеттин жыйырма миңден ашуун жалпы коллективи жогору баалайбыз жана ар качан колдоп келебиз.

60 жыл – бул турмуштук тажырыйба топтогон жылдар эле эмес, эл арасында сый-урмат топтогон, өлкөнүн өнүгүшү менен үй-бүлөнүн бакубатчылыгына зор салым кошкон жана рухий байлык, акылмандык топтогон мезгил. Сиз булардын баарына ээсиз.

Урматтуу Канат Жалилович, Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Кесипкөйлүгүңүзгө жана турмуштук мол тажрыйбаңызга негизденген жоопкерчиликтүү ишмердигиңиз мындан ары да Улуттук университеттин ар тараптан гүлдөп-өнүгүшүнө, анын жогорку окуу жайлар арасындагы аброюнун өсүшүнө, чоң коллективдин ичинде ынтымак-ырашкерликтин дагы да бекемдешине өбөлгө болушуна, өмүрүңүз кубаныч жана жакын адамдардын жылуулугу менен өтүүсүнө тилектешпиз.

02

Сизди терең урматтоо менен,

Кыргыз улуттук университеттин ректораты, эмгек жамааты жана Бириккен профсоюз комитети

Өнөктөш ЖОЖ жетекчилеринин куттуктоолору: