Тарых барактарындагы университет сыймыктары
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин администрациясы, бириккен профсоюз комитети жана окуу жайдын жалпы эмгек жамааты Ооган согушунда курман болгон бардык жоокерлеринин үй-бүлөсүн, ардагерлерди жана согуштун катышуучуларын унутулгус дата - Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылыш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда,
Айлансын ар бир уулун чагылганга
Ж.Мамытов
Ар бир жылдын, мезгилдин күн тарыхы болгон сыңары, доор алмашуунун баянында, тарых күзгүсүндө ар мезгилдин баатырлары, эл үчүн эрдигин арнаган, жанын берип, кандуу жылдарды башынан өткөргөн ошол кездин учур баатырлары, бүгүнкү күндүн каармандары, эртеңки күндүн сыймыктары болот! Аалам айлампасында нечендеген күрдөөлдү турмуш жарыгы бар. Ал жарыкта дайым эрдик түбөлүк жашайт!
Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн тогуз жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлердин бул өлкөдөн чыгарылгандыгына ушул жылдын февралында туура 32 жыл толду. Тогуз жылга созулган Афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс дарт калтырды. СССР кезинде бийлик тарабынан кабыл алынган, ойлонулбаган чечимден Кыргызстандын да миңдеген жоокерлери азап чегишкен. Каза болгондордун жакындарынын күйүтү али күнчө басыла элек...
Ошол кандуу согуш, кыйың кезеңди баштарынан өткөрүп, Ата Мекен көрсөткөн ишенимди актап, интернационалдык милдетин татыктуу аткарып, аман-эсен эл журтуна кайтып келип, билим берүү илим жаатында опол тоодой эмгектерин жасап, өз ишмердүүлүктөрүн улантып келе жаткан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери, Ооган согушунун катышуучулары, ардагерлери Шамшиев Алайбек Бурканович, Уметов Кадыр Акунович, Маматов Адыл Турсунбаевич, Дунганов Тыныстан Султанканович. Бул жогорудагы адамдардын университеттеги профессионалдуу орду, кесипкөйлүгү, жаңычыл ойлору баарыбызга айкын. Азыр биздин сыймыктуу адамдарыбыздын ар биринин өмүр жолуна, ишине азын-оолак токтоло кетсек;
Шамшиев Алайбек Бурканович
Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин деканы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Шамшиев Алайбек Буркановичтин уюштуруучулук, жетекчилик, жаңычылдык, ар дайым менен изденүү менен түйшөлүп, эмгек менен алпурушуп жүргөн университеттин бирден бир беделдүү адамы катары жакшы тааныйбыз! Улам жаңычылдык менен ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп, университеттин ишинин алдыга жылуусуна ар дайым салымын кошуп, эмгектен тажабаган мыкты жетекчи экени талашсыз! Сиздин жасап жаткан ишиңиздин баркы да, баасы да чексиз. Жусуп Баласагындын “Кут алчу билиминде” айтылгандай”:
Билим берди — адамзат улуу болду,
Окуу менен көп ачты сырдуу жолду.
Ошол сыңары, сиз ачкан жолдордун сапары байсалдуу болсун. Ал жолдор нечендеген жаштарга, адистерге караңгыда жол көрсөтөөр чырак болсун.
Ишмердүүлүгү:
Алайбек Буркановичтин жетекчилиги астында жана катышуусу менен факультете "Криминалистика" аттуу адистештирилген кабинети түзүлүп, ачылган. Ресурстук борбор катары төмөнкү мамлекеттик органдар жана мекемелер менен кесиптик кызматташтык боюнча келишимдер түзүлдү. Алар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, ИИМдин Республикалык окуу борбору. Ал эми Сорос - Кыргызстан фондусунан келген профессордук-окутуучулук курамга (келишимдик негизде) окуу куралын басып чыгарууда (студенттерге, аспиранттарга жана ЖОЖдордун юридикалык адистиктеринин окутуучулары үчүн ошондой эле бир катар практик адвокаттар жана юристтер) практикалык жардам көрсөтүлдү. “Кыргыз Республикасынын кылмыш процесси” окуу куралы (иштеп чыгуучусу: ККД ж/а КЖФнындоценти Кулбаев А. -“ Юридикалык изилдөө факультет лабораториясынын базасында), ошондой эле анын 66 нускасы КУУнун жана факультеттин китепканасына берилген. Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы "Юриспруденция" (авторлору - К. Осмоналиев жана Ж. Супатаева), ошондой эле "Эл аралык экономика" (авторлору - А. Дооранов жана И. Шатманов) окуу китептерин басып чыгарышты. Факультетте башкача айтканда университеттин №7 окуу корпусунун фасадын жана ички жайларын сапаттуу учурдагы жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү (КУУнун структураларынын күчү менен). Факультетке бекитилген билим берүү программаларына ылайык 2020 - 2021-окуу жылына студенттерин ийгиликтүү кабыл алышты. Факультет Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигиндеги административдик-башкаруучулук маселени ийгиликтүү чечип, анын натыйжасында "Адам ресурстарын башкаруу", "Бизнес ишкердүүлүгүн башкаруу" аттууэки жаңы окутуу магистрдик программасы (адистиктери) ачылды.
Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан А.Б.Шамшиевге “Ооган согушунун чек арачысынын жоокери” ведомстволук сыйлык эстелик медалы тапшырылган.
Уметов Кадыр Акунович
Уметов Кадыр Акунович - Юридикалык факультеттин доценти (факультеттин профсоюздук бюросунун төрагасы). Кадыр Акунович ар дайым өзүнүн маданиятынын бийик үлгүсү менен өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Жасаган ишин абдан дыкаттык менен аткарып, ишине берилүү менен мамиле жасап, нечендеген кадрларды даярдап, кесиптик калыптануусуна зор салымын кошуп келүүдө. Адамдык абдыкараттын ажайып нагызын алып жүргөн университтеттин эң мыкты кызматкери урматтуу Кадыр Акунович,биз сиз менен сыймыктанабыз!
Ишмердүүлүгү:
Онлайн тартибинде жогорку деңгээлдеги билим берүүчү дисциплиналарды жүктөп, окутууну үзгүлтүксүз камсыз кылып, студенттердин окуусуна, андан ары алып окуусун алып кетүүсүнө зор салымын кошуп, педагогикалык ишин эң мыкты аткарып келүүдө. Өзүнүн факультетинин кызматкерлерин, кесиптештеринин ден-соолугунун абалы (алардын үй-бүлө мүчөлөрү) жана башка жогорудагыдай маселелер боюнча тыгыз байланышын үзгүлтүксүз жүргүзүп, Профсоюз комитети менен тыгыз иш алып барууда. Аларга КУУнун администрациясы жана Профсоюз комитети аркылуу моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү менен байланышкан маселелерди уюштуруучулук жана илгерилетүү жагынан астыга эч бир камчы салдырбай, факультет жааматы үчүн эмгегин арнап келе жатат.
Быйылкы жылдагы эң оор күндөрдө Профсоюз комитететинин демилгеси менен уюшулган университеттин кызматкерлерине (жана алардын үй-бүлөлөрүнө) жашаган жери боюнча үйлөрүнө барып, тамчылатма ийне коюу жана ийне саюу менен байланышкан акысыз медициналык жардам көрсөтүүдө башкача айтканда “Жардам борбордун” ишине (июль айында) активдүү катышып, жигердүү иш алып барды. Эки жылдан бери Бишкек шаарындагы Ооган ардагерлеринин кеңешин татыктуу түрдө жетектеп келет.
Воронцовка айылынын жанындагы Ала-Арча дарыясы аркылуу унаа үчүн көпүрө курууну ыктыярдуу жамааттык элдик куруунун уюштуруучуларынын жана активдүү катышуучуларынын бири. "Санариптик трансформация чөйрөсүндөгү укуктук саясат" илимий долбоорун иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик автордук максаттуу гранттын аткаруучуларынын бири (авторлор тобунун курамында). Ала-Тоо университетинин бюллетени илимий журналына - “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү: тарыхый жана укуктук аспектилер” деген илимий макаласын жарыяланган.
Маматов Адылбек Турсунбаевич
Кыргызда жакшы таасын айтылган сөз бар, “атадан кем уул, атага тең уул, атадан ашкан уул”. Атанын уулу катары, ата атын бийик көтөрүп, кан майданда эл, жер үчүн жанын курмандыкка байлап, душманга каршы бет маңдай чыгып, мекенге аман-эсен кайтып келип, иш жолун улантып, иш жолунда илгери иштерди жасап, ишмердүүлүгүн көрктөндүрүп, тарбиясын берип, жаш муундарга жол көрсөтүп келе жаткан Адылбек Турсунбаевич.
Ишмердүүлүгү:
Адылбек Турсунбаевич - Экономикалык бөлүмдүн башкы инженери, университеттин экономикалык инфраструктурасынын инженердик-коммуникациялык тармактарынын жана олуттуу чукул кырдаалдардын иштөөсүн камсыз кылган. Ошондой эле тиешелүү долбоорлордун алкагында, КУУнун имараттарын жана курулмаларын учурдагы жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерине туруктуу көзөмөлдү камсыз кылган, өз ишинин устасы катары билебиз. Өз ишин мыкты билген кадр, кызматкер бар жерде ар дайым өсүп-өнүгүү болот. Сиздин ишиңизге, университетке арнаган эмгегиңиз үчүн чексиз ыраазычылык!
Дунганаев Тыныстан Султанканович
Бир далай жолдорду басып, өмүрдөгү өрнөктүү иштерди жасап, басып өткөн жолу кийинки муунга из болуп кала турган, ачылган саыйн илим-билим бере турган китеп сыяктуу болгон адамдар бар экени кандай экени жакшы. Ошондой адамдардын арасындагы биздин кесиптешибиз Тыныстан агай бар! Сыртынан абдан жөнөкөй бирок, сүйлөшө келсе, көргөн күнүн барактап айта келсе, өзүнчө бир чоң дүйнө. Бекеринен ачылбаган сандыкта не бир укмуш, кызыктуу кундуз бар деп айтылбаса керек.
Ишмердүүлүгү:
Дунганаев Тыныстан Султанканович - ОПКБнын жетектөөчү адиси, ККД ж/а КЖФнын ага окутуучусу. Анын жетекчилиги астында "Криминалистика" адистештирилген кабинети түзүлүп, иштей баштаган. Тиешелүү көргөзмө куралдары, экспонаттар, окуу куралдары менен кооздолгон. Тыныстан Султанканович Согуш ардагерлер кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн Ардак грамотасы ошондой эле, Укук коргоо органдарынын жана тылдын кызматкерлеринин кеңешининтөрагасы, генерал-полковник М. Субановдун колунан Ардак Грамота менен сыйланган. Агайдын катышуусу менен факультетте бир катар келишимдер түзүлдү, алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин республикалык окуу борбору менен кесиптик кызматташтык жөнүндө бир канча ири иштер жасалган.
Урматтуу биздин сыймыктуу замандаштар, сиздер менен кесиптеш, замандаш болгонубузгачексиз сыймыктанабыз. Сиздерге кандай гана мактоо болбосун баары жарашат.Сиздер тарбиялап жаткан студенттер патриоттук-нравалык жакшы тарбия алып жатканынын өзү эле кандай жакшы. Сиздер жана биздин мекендештер алып келген эрдик эч качан унутулбайт. Биздин университеттин Ооган ардагерлери татыктуу жана адилеттүү түрдө университетте жана башка жерлерде чоң сый-урматка ээ. Алар өздөрүнүн кызматтык милдетин жоопкерчиликтүү жана абийирдүүлүк менен аткаруунун айкын мисалы. Улуттук университеттин жана өлкөнүн өнүгүшүнө алардын кесипкөй салымдарынын жогорку деңгээли үчүн чын дилден алкыш айтабыз. Бекем дем-күч, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.Ишиңиздерди ийгилик коштоп, оомат жылоолоп, ырыскыңыздар арта берсин. Сиздердин эрдик, Ата Журт үчүн жасаган өлбөс эрдиктин, патриоттуулуктун бийик мунарасы кылымдар бою кала берет! Бар болуңуздар тарых барактарындагы университет сыймыктары!
P.S. Биз жогорудагы агайларыбыздын айрым гана ишмердүүлүгү, сыйлыктары жөнүндө сөз кылдык.
* * *
Эльнура Шакирова - профкомдун жетектөөчү адиси
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
-
Калыкова
30.01.2021 19:56
Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.
-
Сатылганов Максат
27.01.2021 22:47
Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?
Абитуриенттердин ?-лору
-
Зарина
21.02.2021 09:03
Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...
-
Нур
24.12.2020 19:15
Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...
-
Илгиз
23.12.2020 19:20
Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Akbata Smagulova
06.01.2021 16:59
Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...
-
Усон Эргешов
21.12.2020 17:10
Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...
-
G.K
12.11.2020 21:42
Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Ырыскул
24.05.2020 10:43
Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...