Профессор Венера Акматова Кыргыз радиосунда Тазабек Саманчинге арналган берүү уюштурду
Кыргыз радиосунда Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору, ф.и.д. Венера Акматова тарабынан кыргыз элинин XX-кылымдагы көрүнүктүү филолог-илимпозу, котормочу, драматург Тазабек Саманчиндин (1909–1979) жеке жана чыгармачылык тагдырына арналган берүү уюштурулду. Берүүгө анын кызы Саманчина Гулсана Тазабековна чакырылып, атасы тууралуу баяндап берди. Андан тышкары Т.Саманчиндин «Манас» эпосуна, Молдо Кылычка жана кыргыз адабиятынын башаттарына арналган изилдөөлөрүнө кенен баяндама берилди.
Т.Саманчин 1936-1949-жылга чейин тил жана адабият боюнча илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеп, Молдо Кылычтын чыгармаларын изилдеп,1946-жылы "Молдо Кылыч жазгыч акын" деген темада кандидаттык диссертациясын жазып, филология илиминин кандидаты деген илимий даража алган (кыргыз окумуштууларынын ичинен биринчи).
Анын төмөнкүдөй көрүнүктүү эмгектери бар:
- Чоңдор үчүн алиппе. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935 – 80 б. (1937. – 80 б., 1938 – 59 б.);
- Кыргыз адабиятынын тарыхынын очерктери. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943 – 279 б. (М.Багданова, Ө.Жакишев, К.Рахматуллин менен бирге);
- Молдо Кылыч. 1949 – 200 б.;
- Бир туугандар. Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1946 – 92 б.;
- Биздин адабият. 8-класс үчүн. /Түзгөндөр: Т.Саманчин, Б.Алымов. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964 – 293 б.; 1965 – 296 б.; 1967– 296 б.; 1968 – 296 б.; 1970 – 296 б.; 1971 – 356 б. 1972 – 356 б.;
- Кыргыз адабияты. Орто мектептин сегизинчи классы үчүн хрестоматия. – Ф.: Мектеп, 1973 – 266 б. (А.Мамбеталиев менен бирге).
Мындан тышкары В.Г.Белинскийдин тандалмалуу чыгармаларын, М.Горькийдин чыгармаларынын үч томун,Л.Н.Толстойдун "Анна Каренина" романын, Рабиндрант Тагордун аңгемелерин, А.П.Чеховдун"Ваня таяке" ж.б. чыгармаларды кыргыз тилине которуп, өзүн чебер котормочу катарында да көрсөтө алды.
Кыргызстандык сталинчил сынчылар Г.Нуров, П.Балтин, Ж.Самагановдордун «Космополитизм и рецидивы буржуазного национализма в работе Т.Саманчина» деген макаласы Советская Киргизия газетасынын 1949-жылдын 10-апрель күнкү санына жарыяланган. Бул жалаа андан ары уланып отуруп,1949-жылы СССР жазуучулар Союзунун пленумунда "Кыргыз адабиятчысы Тазабек Саманчин "Молдо Кылычтын чыгармалары" аттуу илимий ишинде улутчул ката кетирген" деген жалган айыптоо менен анын илимий чыгармачылыгы тилекке каршы сталиндик репрессиянын экинчи капшабынан улам уланбай калган. Өзгөчө ой жүгүртүүсү бар, ар тараптуу талант, келечекте дагы мыкты илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турган учурунда репрессиянын курмандыгы болуп 10 жылга кесилип, анын 5 жылын отуруп чыккан (1950-1955-жж).1956-жылы акталып келгенден кийин кесибин өзгөртүп,котормочулукка өткөн.
Тазабек Саманчин сталиндик репрессиядан улам тагдыры талкаланган ашкере таланттуу адам эле, анын тагдырын, чыгармачылыгын улам эскерип, жазып, айтып туруу биздин инсандык парзыбыз деп ойлойм. Мына ушул адамдар биздин илимди, илимий ой жүгүртүүнү, кыргыз интеллектисин түптөгөндөр. Тоталитардык системанын кыргыздарга тийгизген орду толгус кесепети кийинки урпактарга сабак болушу керек!
Венера Акматова - Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору, ф.и.д.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- №5-жатакананын жашоочулары “Аалам жылдызы – Айтматов” аттуу таймаш өткөрүштү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Манас-Ордого" барып келишти
- Математика жана информатика факультети - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
- КУУнун студенттери “Тоолуктардын ток-шоусуна” катышты
- КУУнун студенттери акын Сапарбаев Турдакун менен жолугушту
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү
- Физфактын деканы жеңүүчү студентти куттуктады
- Матфактын активисттери КМТУдагы көргөзмөдө болушту
- Спортсмен–агартуучулар
- Коопсуздук - башкы максат
- Чет тилдер факультетинде "Түркия Республикасына 95 жыл" аттуу иш чара болуп өттү
- Матфактын студенттери китеп дүйнөсү менен дайыма байланышта
- Матфактын жамааты окутуучу Асанкулова Айперини куттуктайт!
- Физика жана электроника факультетинде футбол боюнча Декандын кубогу ойнотулду
- Физфакта Мугалимдер күнүнѳ карата чакан концерт ѳткѳрүлдү
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери факультеттин окутуучуларын куттукташты
Администратордон
Студенттердин ?-лору
- Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
-
Калыкова
30.01.2021 19:56
Саламатсыздарбы? Почему стипендиатам не выплачиваются стипедии. Из бюджета же начисляются же средства.
-
Сатылганов Максат
27.01.2021 22:47
Здравствуйте,на 2-пересдаче сколько будет вопросов и сколько баллов дадут за правильные ответы ?
Абитуриенттердин ?-лору
-
Зарина
21.02.2021 09:03
Саламатсызбы!ме н 3-чу курстан кийин окуубай калгам.Русская филология факультети 2005ж. Кайра улантсам ...
-
Нур
24.12.2020 19:15
Саламатсызбы Мен эконом факта (банковское дело) 2курста окуйм. 3курста финансы и кредит болумуно ...
-
Илгиз
23.12.2020 19:20
Саламатсызбы КНУ да через Казахстан тапшырса болобу? Сырттан окуу бөлүмү.
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Akbata Smagulova
06.01.2021 16:59
Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...
-
Усон Эргешов
21.12.2020 17:10
Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...
-
G.K
12.11.2020 21:42
Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Ырыскул
24.05.2020 10:43
Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...