Шейшемби, Ноябрь 24, 2020

КУУга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева келди

КУУга вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева келди

Садык Алахан. Улуттук университет жана кыргыз бийлиги

00Отуз жылга аяк басып калган эгемендик жылдардын мезгилинде жеке ар бир пендеден тартып бүткүл коомубуз далай азап-тозокту баштан өткөрдүк. Чыдадык. Чыдап келатабыз. Чыдамыбыз кеткенде коомдук өнүгүүбүздү астын-үстүн кылганга чейин барып жатабыз. Ошентип, отуз жылдык эгемендик жылдарыбыз коомдук турмушубуздун бардык тармагына болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизди. Бул таасир айрыкча билим берүү тармагын – бала бакчадан тартып Билим берүү министрлигине чейин – зор катаклизмдерге туш кылгандыгын бүгүн эч кимибиз тана албайбыз. Мындай катаклизмге кабылган билим берүү мекемелеринин сап башында жогорку окуу жайларынын флагманы деп эсептелип келген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети турат десек болот.

Эсил кайран СССР кулаганда Улуттук университет толук кандуу иштеп жаткан жети, курулуп жаткан эки окуу имараты, он бир жатаканасы менен эгемендиктин эшигин аттады. Мындай байлык республикадагы бир да жогорку окуу жайында жок болчу. Албетте, бул байлык эгемендик менен кошо келген кыргыз бийлигинин башындагы жаңы төбөлдөрдүн көзүн кызартпай, сугун агызбай коймок эмес. “Чү” дегенде эле Москва көчөсү, 62 дарегинде турган беш кабаттуу заңгыраган №3-жатакана – университеттин аспиранттары менен юридика факультетинин студенттери түнөк кылып келген жай – 1993-жылы жаралган КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча Мамлекеттик кызматка (Кыргызпатентке) тартылып берилди.

kyrgyz patent

Андан көп узабай эле университеттин башкы имаратынын дал артында – Турусбеков көчөсү 113А дарегинде – жайгашкан, журналистика факультетинин студенттеринин куттуу очогу болгон (маркум көйкашка акыныбыз Зайырбек Ажыматовдун жаштар сүйүп уккан “КНУ. Журфак. 10-жатакана” деген белгилүү ырында даңазаланган), ошол кездин эң акыркы долбоору менен секция тибинде курулган 10-жатакана Кыргыз телерадио комитетинин кызматкерлерине тургундар жашоочу үй (жилой дом) катары тартылып берилди. Жатакана макамы өзгөртүлүп, ушундай статус менен тартылып алынды.

jatakana 10

Кыргыз бийлигинин Улуттук университетке болгон карасанатай мамилеси муну менен токтоп калган жок. “Тамактанып жатканда ичтейиң ачылат” деп орус туугандар айткандай, кыргыз бийлигинин Улуттук университеттин мүлкүнө болгон көз кызартуусу ач көздүк менен улана берди. Көп өтпөй ондогон жылдар бою экономика факультетинин студенттери окуп келген, кышында жылуу, жайында салкын, “П” формасында болуп, архитектуралык жактан кооз салынган Чүй проспектиси, 180 А дарегиндеги имаратыбыз жаңыдан ыңаалап түшкөн юридикалык академияга садага чабылды...

ur akademia

Эсимде, ошол окуу жылынын башталышында студенттеринин саны боюнча эң чоң факультеттерибиздин бири болгон экономика факультетинин жаштары 5-окуу имаратынын жертөлөсүнө батпай тыгылышып, үч сменада (таңкы жетиден баштап, кечки 20.40ка чейин) окуп, шорлору каткан эле. Улуттук университеттин студенттеринин мындай абалы кыргыз бийлигинин башындагылар үчүн чымын чакканчалык да болгон эмес.

Кыргыз бийлигинин баскынчылык иш аракети Улуттук университеттин даяр имараттарынан тышкары курулушу катуу жүрүп, бирок, СССРдин кулашы менен токтоп калган имараттарына карата да жасалды. Мунун айкын күбөсү катары эки мисалды келтирсек эле жетиштүү болот.

Биринчи. Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чылк кирпич менен салынып, дээрлик бүтүп калган 5 кабат имараттын банкка тартылып берилиши.

imarat

Бул имарат өзүбүздө болгондо алда качан эле шыбап, актап бүтүрүп алмакбыз...

Экинчи. Университеттин башкы имаратынын тим маңдайында, жүз элүү гана метр аралыкта студенттер үчүн Маданий-спорттук комплекс башталып, каркасы бүтүп калган эле. Кендирди кескен “нөлү көп жылдарда” курулушу уланбай, көргөндүн көзүн кычыштырып туруп калды. Мындай дүйнөгө кимдин көзү түшпөсүн. Айтымга караганда, кечээ жакында эле – 2005-жылдан 2010-жылга чейин ар жылы бирден болуп беш ректор (И.Болжурова, Ы.Өмүрканов, А.Бекбалаев, Д.Нур уулу, А.Акунов) алмашкан кадрдык баш аламандыктын учурунда эле – кыргыз бийлигинин кол жеткис бийигинде тургансыган бирөө тартып алып, “Maximum” бизнес жана фитнес борбору” деп атап, көргөндүн көз жоосун алгыдай кылып заңгыратып бүтүрүп салды.

maksimum

Ошентип, ар кандай маданий кружоктор үчүн өз-өзүнчө бөлмөлөрү, сыйлуу меймандар келгенде тосуп ала турган акустикасы келишкен заңгыраган чоң азем залы жана да спорттун бардык түрлөрү боюнча чоң, кичине машыгуучу заманбап залдары, эки бассейини бар имаратка ээ болобуз деген үмүтүбүз таш капты.

Ал эми башкаларга жасалган мамиле таптакыр бөлөкчө болуп жатты. Айталы, Борбордук Азиядагы Америка университети үчүн борборубуздун тим борборунда жайгашкан, атактуу Төрөбай Кулатов отуз жылдан ашык отурган, тарыхый байлык деп эсептелген Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жайгашкан имаратты бошотуп берди го кыргыз бийлиги...

jogorku sovet

Кыргыз-түрк “Манас” университети үчүн Тынчтык проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан долборлоо институтунун көз жоосун алган беш кабат имаратын тартуу кылды го кыргыз бийлиги...

dolboorloo institutu

Кыргыз-орус (славян) университети үчүн камволдук-нооту комбинтынын, “Ала-Тоо” аянтында жайгашкан “Илбирстин” бир бөлүгүн, мурдагы Ленин заводунун имаратын бергенин айтпаганда да архитектуралык жактан эң сонун салынган, жаңы гана бүткөн Офицерлер үйүн тартуу кылды го кыргыз бийлиги...

oficer uiu

Баарынан да өкүнүчтүүсү, АУЦАга шаарыбыздын түштүк бөлүгүнөн – Токомбаев проспектисинин бүтүшүнөн баштап лесхозго карай– бир нече гектар жерди тартуу кылган, Кыргыз-түрк университети үчүн дале болсо шаарыбыздын экологиялык жактан таза түштүк бөлүгүнөн ондогон гектар жерди олчойтуп тартуу кылган кыргыз бийлиги Улуттук университетке 2 метр 30 сантиметр жерди – ооба, 2 метр 30 сантиметр жерди!!! – ыраа көрбөй, 6-окуу имаратыбыздын тосмосун күчкө салып жылдыртканычы.

trotuar

Кыргыз бийлигинин бул жоругун эстегенде ата-жотосуна жеткире ашата тилдеп, каңырыгың түтөп, көктү карап озоңдоп ыйлагың келет...

Азыр кээде олтуруп: “Эмне үчүн кыргыз бийлиги башка бир да ЖОЖго карата жасабаган кыянаттык иштерди Улуттук университетке гана жасады”, – деген ойго батам. Эмне үчүн?.. Неге?.. Балким, бул атайылап жасалган иштир. Кыргыз улутун билими терең, илими жогору, элдин элдиги менен терең байланышта болгон интеллектулдардан кур жалак калтыруу үчүн жасалгандыр?.. Кыргыз улутунун илимий-педагогикалык кадрларынын каймактары чогулган ордосунун ойронун чыгарыш үчүн жасалгандыр?.. Жанагы беш жылда беш жетекчини алмаштыруунун түпкү мүдөөсү ушунда болуп жүрбөсүн?.. “Жаңы дайындалган жетекчи асты-артын карагыча Улуттук университетти канталамай кылууну уланта беребиз” деген арам ойлордун ишке ашуусу болуп жүрбөсүн?..

Бүгүнкү Улуттук университеттин жалпы коллективи мындан жыйырма жыл илгерки, мындан он жыл, ал турсун мындан беш эле жыл мурдагы агай-эжейлер эмес. Азыр университетибизде тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык орноп, ар ким өз ишин мыкты аткарып калган учур. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгаруу менен “Улуттук университетте иштөө сыймык” деген маанайда иштеп жаткан учур. “Улуттук университеттин жыйырма миңден ашуун коллективин бөлүп-жарууга жол берилбейт” деген өктөм ой ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде орногон учур азыр...

alahan 00

Садык АЛАХАН,

Мамлекеттик тил боюнча проректор,

филология илимдеринин доктору, профессор.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 372 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Komiljon 10.10.2020 14:02
    Assalomu alaykum men sizlarga onlayin xujjat topshirgandim shuni qanday bilsa bo'ladi

    Подробнее...

     
  • Нуриза 09.10.2020 15:52
    Здравствуйте! Хотела спросить, в данный момент принимаете абитуриентов? Я закончила среднее образование ...

    Подробнее...

     
  • Айчүрөк 30.09.2020 22:24
    Не закончила учебу в кну по обстоятельствам .могу ли я восстановится?к ому обращаться?по какому ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Сезим 29.10.2020 20:08
    Саламатсызбы журналистика факультетиндн Авн кеч ачылып сабактар болунуп болунуп ачылып жатты кечээ ...

    Подробнее...

     
  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Гуля 23.09.2020 11:51
    Менин сиңдим бакалавр Прикладная информатика в экономике багытын бүткөн. Магистратурага Журналистикага ...

    Подробнее...

     
  • Жазгуль 04.09.2020 23:52
    Здравствуйте. Я хотела забрать диплом. Закончила я 2012 году. Как могу забрать

    Подробнее...

     
  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер