Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

2020-жылдын 1-октябрында Улуттук университетке Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Карджы мырза, Кызматташтык жана координациялоо боюнча түрк агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Осман Уста мырза баштаган жоон топ делегация келди. КУУнун ректору Канат Садыков түркиялык конокторду 6-окуу имаратынын кире беришинде тосуп алган соң, делегация мүчөлөрү физика жана электроника, биология, химия жана химиялык технология факультеттериндеги лабораториялык кабинеттерди кыдырып чыгышты.

Факультет декандары түркиялык конокторго ТИКА тарабынан 2016-жылдын 16-ноябрь күнү грант түрүндө берилген лабораториялык жабдыктар менен шаймандарды көрсөтүп, алардын абалы жана кандай колдонулуп жаткандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Делегация мүчөлөрү башкы имаратка келип, кыргыз жана түрк улуттук кийимдерин кийген КУУнун студенттери тосуп алган соң, Канат Садыков аларды Түрк тилин үйрөнүү, Азиз Санжар атындагы кыргыз-түрк ресурстук жана К.Ш.Токтомаматов атындагы санариптик технологиялар борборлору менен тааныштырды.

Ректораттын жыйындар залында болгон расмий жолугушууда КУУнун ректору Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Кызматташтык жана координациялоо боюнча түрк агенттигине Улуттук университет менен туруктуу кызматташып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай чогуу иш аракеттер мындан ары да улана берээрине терең ишенээрин билдирди.

Иш чараларга о.э. Түрк элчилигинин билим берүү бөлүмүнүн жооптуу катчысы Абдугапар Хайткулов, TTÖMER билим берүү борборунун директору Ахмет Гёзюбол мырза, ТИКАнын программалык координаторунун ассистенти Санжар Алтымышев, КУУнун мамлекеттик тил боюнча жана тарбиялык иштер боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев), эл аралык кызматташтык департаментинин директору Бактыбек Келдибеков, физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов, биология факультетинин деканы Шафика Сулейманова жана химия жана химиялык технология факультетинин деканы Анар Зарипова катышты.

02

04

06

08

10

14

18

20

24

29

30

32

33

40

42

43

44

45

46

47

48

50

51

52

54

56

57

62

66

68

69

70

71

72

73

74

75

76

78

80

81

82

85

86

87

90

press knu 2020