Ишемби, Сентябрь 19, 2020

КУУнун "Кут билим" командасы ВВС өткөрүп жаткан телевикторинанын финалына чыкты

00

Кыргыз филологиясы факультетинин 5-курс студенти Айзирек Абдылаева, журналистика факультетинин 3-курс студенти Айпери Сатыбалдиева жана чет тилдер факультетинин 4-курс студенти Бакдөөлөт Кульжанова курамына кирген КУУнун "Кут билим" командасы Британиянын коомдук телерадио компаниясынын (BBC) Кыргыз кызматы Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүп жаткан “Сиз Британия тууралуу эмне билесиз?” деген интерактивдүү телевикторинанын биринчи жана экинчи айлампасынан өтүп, мелдештин финалына чыкты.

Биринчи айлампанын катышуучулары Британия менен Кыргызстандын окшош жактарын түшүндүрүп беришсе, экинчи турда өздөрү окуган окуу жай тууралуу кыска видео презентация сунушташты.

Финалдык оюн 5-сентябрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын студиясында өтүп, толугу менен телеге тартылат жана жеңүүчүлөргө англис тил курстарына жолдомо, планшет жана смартфондор ж.б. баалуу белектер берилет.

Телевикторинанын байгелерин жеңип алуу үчүн борбор шаардан биздин команда менен бирге Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, о.э. аймактардан Ош мамлекеттик университети менен Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин командалары ат салышат.

КУУнун жамааты "Кут билим" командасынын мүчөлөрүн буга чейинки утуштары менен чын жүрөктөн куттуктап, алардын финалдык мелдеште ийгилик жаратуусуна тилектеш экендигин билдирет.

Алга, "Кут билим"! Биз силер менен!

bbc

press knu 2020

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 461 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер