Жума, Сентябрь 25, 2020

Педфактын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик аттестацияны он-лайн түрүндө тапшырышты

0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик аттестацияны аралыктан окутуу технологиясын колдонуу менен он-лайн түрүндө webinar.knu.kg платформасында тапшырып, 50 студент бүтүрүүчү квалификациялык иштерди ийгиликтүү коргосо, 10 магистрант комплекстик экзамен тапшырды.

2019-2020-окуу жылына карата педагогикалык факультетинин «Педагогика» (бакалавр, магистр) багытынын «Башталгыч билим берүүнүн методикасы жана педагогикасы» жана «Социалдык педагогика» профилдери боюнча бүтүрүүчү мамлекеттик комплекстик экзамендерге жана бүтүрүүчү квалификациялык, магистрдик диссертациялык иштерди коргоо боюнча МАКтын төрагасы п.и.д., профессор Чоров М.Ж., орун басары Султанова Ч.Б., мүчөлөрү п.и.к., доцент АрхиповаТ.В., п.и.к., доцент Юсупова А.М., Иманкулова Н.К. турган комиссиянын курамы бекитилген.

Аралыктан технологияны колдонуу менен аталган профилдер боюнча 57 бүтүрүүчү мамлекеттик комплексттик экзамендерди тапшырышты.

“Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” профилинде күндүзгү бөлүмдө билим алган 50 студент бүтүрүүчү квалификациялык иштерди ийгиликтүү коргошту. 2-окуу жылындагы 10 магистрант комплекстик экзамен тапшырып, магистрдик диссертациялык иштерди ийгиликтүү коргошту. Жалпы 117 студент аттестацияланды.

Экзаменге чейин студенттер webinar.knu.kg платформасы менен иштөө боюнча үйрөтүү иштери жүргүзүлдү.

Бүтүрүүчү квалификациялык, магистрдик диссертациялык иштерди алдын ала коргоо боюнча график түзүлүп, ар бир бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн иштерин алдын ала коргошту.

Илимий жетекчилердин бүтүрүүчү квалификациялык иштерине жазылган пикирлери, бүтүрүүчү квалификациялык иштери боюнча презентациялар тааныштырылды.

Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди алдын ала коргоого бардык илимий жетекчилер жана МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор Гулназ Адылбековна, аталган кафедранын доценттери, п.и.к. Алтынай Маматовна, Татьяна Викторовна жана ага окутуучусу Качкын уулу Алтынбектер катышып, өздөрүнүн сунуштарын, пикирлерин билдирүү менен бирге эксперименттик бөлүгүн так ачып берүүсүн баса белгилешти.

Ал эми магистрдик диссертациялык ишти алдын ала коргоого педагогикалык факультеттин деканы, п.и.к., профессор Рахат Токтогуловна, МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор Гулназ Адылбековна, аталган кафедранын доценттери, п.и.к. Алтынай Маматовна, Татьяна Викторовна жана ага окутуучусу Качкын уулу Алтынбектер катышып, пикир, сунуштарын айтышты.

Жазылган бүтүрүүчү квалификациялык, магистрдик диссертациялык иштер комиссия тарабынан жогорку деӊгээлде жазылгандыгы, ар бир тема бүгүнкү күндө актуалдуу жана туура тандалгандыгы баса белгиленди.

МАКтын чечими менен бир канча магистранттар аспирантурага, ал эми бакалаврды бүтүртүргөн студенттерибиздин көпчүлүгү магистратурага тапшырууга сунушталды.

МАКтын төрагасы п.и.д., профессор Чоров Маматкан Жетимишовичке, МАКтын төрагасынын орун басары Султанова Чынара Баймоноловнага, МАКтын мүчөлөрү п.и.к., доцент АрхиповаТатьяна Викторовнана, п.и.к., доцент Юсупова Алтынай Маматовнага, Иманкулова Нуржан Калматовнага Мамлекеттик аттестацияга активдүү катышып, жогорку деӊгээлде өтүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн, бүтүрүүчүлөрүбүзгө туура багыт, сунуш бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.

002

004

006

008

010

012

014

016

018

020

Асылгүл Жуматаева - МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучусу

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 329 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер