Вторник, Февраля 18, 2020

21.02.2020: "Окутуу системасындагы көп тилдүүлүк" аттуу семинар-тренинг

МААЛЫМ КАТ

Урматтуу кесиптештер!

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин табигый илимдер факультеттери үчүн чет тилдер кафедрасы 2020-жылдын 21-февраль күнү саат 10:00дө башкы окуу имаратындагы кичи жыйындар залында “Эне тилдин эл аралык күнүнүн” 20 жылдыгына карата "Кыргызстандын окутуу системасындагы көп тилдүүлүк" аттуу семинар-тренинг өткөрөт.

Семинарга катышуу үчүн төмөнкү темадагы макала, баяндамалар жана сабактардын иштелмелери кабыл алынат:

  • Чет тилдери сабагынын актуалдуу маселелери;
  • Тилдерди көп тилдүү чөйрөдө окутуу маселелери боюнча тажрыйбалар;
  • Тилдин котормодогу маселелери.

Семинардын жумушчу тили: кыргыз, орус, англис, немис, француз, ж.б тилдери.

Материалдарды 2020-жылдын 18-февралына чейин уюштуруу тобуна төмөнкү дарек боюнча жөнөтсөнүздөр болот: zhenishbekova1990@bk.ru

Семинардын модератору: кафедра башчысы Абдимомунова А.О.(0773314313, 0552314313, раб.т 468024)

Катышуучу катары каттоодон өтүү үчүн төмөнкү маалыматтар талап кылынат:

Семинарга эл аралык тилдерге кызыктар болгон окутуучулар катышса болот.

Семинардын жыйынтыктары РИНЦке кирген журналга жыйнак болуп чыгат.

Семинар тренингдин аягында катышуучуларга сертификат берилет.

* * *

Уюштуруу тобу