Вторник, Февраля 18, 2020

КУУнун ректору 1-курс студенттери менен жолугушууларды өткөрүүдө

Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган алгачкы жолугушуу 2020-жылдын 5-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында өтүп, жыйынга эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, кыргыз-европа, маалыматтык жана инновациялык технологиялар, журналистика факультеттеринин 1-курс студенттери катышты. Жолугушууда КУУнун ректору Канат Садыков студенттерге Улуттук университеттин тарыхы, азыркы абалы жана келечеги жөнүндө кыскача маалымат берип, суроолоруна жооп берди.

Студенттер сабактан бош учурда отура турган скамейкалар, ашкана менен дааратканадан чыккан жыт, иш чараларга даярдануу үчүн кабинет, жатаканадагы оңдоп-түзөө иштери учурунда алынып калган айнек жана башка суроолорду берүү менен, кызыктуу сунуштарын да айтышты. Мисалы, "Улуттук университет болгондон кийин, кыргыз тилинде көбүрѳѳк иш чаралар болсо", "Окуу жайдын өнүгүшүнө студенттер өз салымын кантип кошо алат" (Чыңгышбаев Искендер - ЭАМжЧТФ), "Эгер башка окуу жайлардын студенттери КУУ жөнүндө сын-пикир айтышса, ордуңарда отура бергиле деп бетине айталы" (Азизбеков Актан - ЭАМжЧТФ).

Жолугушуунун соңунда, Канат Садыков иш чарага активдүү катышкандыгы үчүн 1-курс студенттерине ыраазычылык билдирип, берилген суроолор боюнча чаралар көрүлүп, айтылган сунуштар эске алынаарын белгиледи.

02

04

05

08

09

10

12

14

18

20

22

24

26

30

32

34

36

37

38

40

* * *

Кезектеги жолугушуу 6-февраль күнү 6-окуу имаратындагы 5-дарсканада өтүп, жыйынга математика жана информатика, физика жана электроника, биология, химия жана химиялык технология факультеттеринин 1-курс студенттери катышты.

Ректор студенттерге окуу жайдын тарыхы, Кыргызстандын билим берүү системасындагы орду, эл аралык кызматташтык, окутуучулардын айлыгы, контракттан түшкөн каражаттын сарпталышы, окуу имараттары менен жатаканалардын абалы тууралуу кыскача маалымат берип, жаштарды өз кесибин мыкты билген адис болууга чакырды. 

Андан кийин студенттер ректорго жатаканадагы, китепканадагы көйгөйлөр, дааратканалардын тазалыгы, компьютерлер, доскалардын абалы тууралуу суроолорду берип, бош учурда сабакка даярдануу үчүн фойеге парталарды жана отургучтарды орнотуу сунуштарын айтышты.

01

02

06

14

18

20

21

22

23

24

38

40

42

45

44

press knu 2020