Ишемби, Июль 11, 2020

КУУнун ректору 1-курс студенттери менен жолугушууларды өткөрүүдө (толукталды)

00Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулган алгачкы жолугушуу 2020-жылдын 5-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында өтүп, жыйынга эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, кыргыз-европа, маалыматтык жана инновациялык технологиялар, журналистика факультеттеринин 1-курс студенттери катышты. Жолугушууда КУУнун ректору Канат Садыков студенттерге Улуттук университеттин тарыхы, азыркы абалы жана келечеги жөнүндө кыскача маалымат берип, суроолоруна жооп берди.

Студенттер сабактан бош учурда отура турган скамейкалар, ашкана менен дааратканадан чыккан жыт, иш чараларга даярдануу үчүн кабинет, жатаканадагы оңдоп-түзөө иштери учурунда алынып калган айнек жана башка суроолорду берүү менен, кызыктуу сунуштарын да айтышты. Мисалы, "Улуттук университет болгондон кийин, кыргыз тилинде көбүрѳѳк иш чаралар болсо", "Окуу жайдын өнүгүшүнө студенттер өз салымын кантип кошо алат" (Чыңгышбаев Искендер - ЭАМжЧТФ), "Эгер башка окуу жайлардын студенттери КУУ жөнүндө сын-пикир айтышса, ордуңарда отура бергиле деп бетине айталы" (Азизбеков Актан - ЭАМжЧТФ).

Жолугушуунун соңунда, Канат Садыков иш чарага активдүү катышкандыгы үчүн 1-курс студенттерине ыраазычылык билдирип, берилген суроолор боюнча чаралар көрүлүп, айтылган сунуштар эске алынаарын белгиледи.

02

04

05

08

09

10

12

14

18

20

22

24

26

30

32

34

36

37

38

40

* * *

Кезектеги жолугушуу 6-февраль күнү 6-окуу имаратындагы 5-дарсканада өтүп, жыйынга математика жана информатика, физика жана электроника, биология, химия жана химиялык технология факультеттеринин 1-курс студенттери катышты.

Ректор студенттерге окуу жайдын тарыхы, Кыргызстандын билим берүү системасындагы орду, эл аралык кызматташтык, окутуучулардын айлыгы, контракттан түшкөн каражаттын сарпталышы, окуу имараттары менен жатаканалардын абалы тууралуу кыскача маалымат берип, жаштарды өз кесибин мыкты билген адис болууга чакырды. 

Андан кийин студенттер ректорго жатаканадагы, китепканадагы көйгөйлөр, дааратканалардын тазалыгы, компьютерлер, доскалардын абалы тууралуу суроолорду берип, бош учурда сабакка даярдануу үчүн фойеге парталарды жана отургучтарды орнотуу сунуштарын айтышты.

01

02

06

14

18

20

21

22

23

24

38

40

42

45

44

press knu 2020

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 726 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары