Вторник, Февраля 18, 2020

“Жоокер ыры” кароо-сынагынын жобосу

КУУнун коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменти 23-февраль - "Ата-Мекенди коргоо күнүнө" карата студенттер арасында “Жоокер ыры” аталышындагы кароо-сынак уюштурууда.

Сынактын 1-бөлүгү 18-февралда, 2-бөлүгү 21-февралда саат 13:00дө  башкы имараттагы чоң жыйындар залында өтөт.

Баарыңыздар активдүү катышып бериниздер.