Суббота, Декабря 14, 2019
kg_m RU

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

КУУнун турак жай комиссиясынын кезектеги отуруму болду

00

2019-жылдын 29-ноябрь күнү 8-окуу имаратынын 322-дарсканасында КУУнун турак жай комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, аталган органдын төрагасы Эрнис Усенов комиссия мүчөлөрүн 22-ноябрда ректор тарабынан бекитилген “КУУнун студенттик жатаканаларына жайгаштыруу боюнча турак жай комиссиясы жөнүндөгү жобо" менен тааныштырды, ал эми студенттик жатаканалардын менеджери Бексултан Шабданов КУУнун жатаканаларындагы көйгөйлүү маселелер тууралуу маалымат  берди.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү ал маселелерди чечүүнүн жолдорун талкуулашып, жыйынтыгында, комиссия абал менен жеринен барып таанышып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Эскерте кетсек, курамы төрага, анын орун басары, катчы жана 9 мүчөдөн турган комиссия 2019-жылдын 1-сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин 6 ирет отурум өткөрүп, ар бир жыйында жатаканаларга тиешелүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

02

04

06

08

10

12

КУУнун жатаканалары тууралуу кыскача маалымат:

КУУда жалпысынан 5 жатакана бар. Анын ичинен, бир жатакана (№4) авариялык абалда деп табылып, ишин токтоткон. Ал эми 4 жатакана иштеп жатат.

КУУнун жатаканаларынын менеджери - Бексултан Шабданов, жетектөөчү адиси - Медина Кутуева, паспортчусу - Майрам  Абдырахманова.

  • №5-жатакана: Турусбеков көчөсү - 113 дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу, 453 орунга ылайыкталган имарат. Пайдалуу аянты - 3605,7 кв.метр. Пайдаланууга 1963-жылы берилген. Коменданты - Гульнара Сүйүмкулова.
  • №7-жатакана: Калык Акиев көчөсү - 83 дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу, 495 орунга ылайыкталган имарат. Пайдалуу аянты  - 4591 кв.метр. Пайдаланууга 1971-жылы берилген. Коменданты - Шарасат Ырсалиева.
  • №9-жатакана: Манас проспектиси - 68 дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу имарат. Жатакана секция тибинде болуп, 108 бөлмөдөн турат. Пайдалуу аянты - 5260 кв.метр. Пайдаланууга 1986-жылы берилген. Коменданты - Болдукыз Иманкулова.
  • №11-жатакана: Жумабек көчөсү - 182 дарегинде жайгашкан 9-кабаттуу, 105-сериядагы 88 бир бөлмөлүү батирден турган 2 подъезди бар имарат. Ар бир бөлмөнүн жалпы аянты 33 жана 36 кв.метр. Статусу  - студенттик жатакана. Коменданты - Адашкан Байдавлетова.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Радио-кафе (Журфак)

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 542 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер