Четверг, Ноября 21, 2019
kg_m RU

Сырдыбаев Туратбек тарых факультетинин деканы болуп дайындалды

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Профессор Жумакадыр Дүйшеевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди

02019-жылдын 1-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында КУУнун профессору Жумакадыр Дүйшеевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Профессор Ж.Дүйшеев жана сүйлөшүү маданиятынын актуалдуу маселелери” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чараны мамлекеттик  тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) куттуктоо сөзү менен баштап, Ж.Дүйшеевдин китептеринин маани-маңызы, окутуучулук иш-тажрыйбасы тууралуу ой бөлүштү жана агайды 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, күч-кубат, ден соолук каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев адабият, тил илиминде Ж.Дүйшеевдин орду чоң экендигин баса белгилеп, камдап келген белектерин тапшырды.

Жумакадыр Дүйшеев агайды 80 жылдык мааракеси менен о.э. Жогорку Кеңештин депутаты К.Иманалиев, филология илимдеринин доктору, профессор С.Байгазиев, кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими жана филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедраларынын жамааты куттукташты.

Куттуктоо сөзүнөн кийин баяндамаларга орун берилди:

  • Р.Эгембердиев - фил.и.д., профессор: “Мен билген кесиптешим Жумакадыр”
  • С.Мусаев - УИАнын корр-мүчөсү, фил.и.д., профессор: “Сөз - көркөм рухтун шоола чачкан доошу”
  • Б.Усубалиев - ф.и.д., профессор: “Профессор Ж.Дүйшеевдин илим жолундагы кумарлык ыракаты”
  • Ж.Чыманов - п.и.д., профессор: “Ардактуу профессор Жумакадыр Дүйшеевдин өрнөк болуучу өтөлгөлүү өмүрү менен ишшмердүүлү жөнүндө”
  • С.Ибрагимов - К.Карасаев атындагы БМУнун профессору: “Кутман курагыңызга саресеп”.

Жумакадыр Дүйшеев агайды анын сабагын, адамгерчилик мамилдесин жакшы көргөн студенттери да куттуктап, өздөрүнүн ыр-бийлерин тартуулашты.

Жыйындын соңунда Жумакадыр Дүйшеев агай өзү сөз сүйлөп, каалоо-тилек айткан жана баяндама жасаган кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди.

Салтанаттуу кечени кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев алып барды. 

01

02

06

08

12

18

20

22

26

28

30

32

36

38

40

42

44

48

50

52

54

56

58

60

62

64

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Радио-кафе (Журфак)

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 459 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер