Дүйшөмбү, Август 10, 2020

КУУда мамлекеттик тилдин билим берүүдөгү ордун талкуулаган студенттик конференция болуп өттү

00

2019-жылдын 18-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган “Мамлекеттик тилдин билим берүүдөгү орду: көйгөйлөр, максаттар” аталышындагы студенттер аралык республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Иш чаранын катышуучуларын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) куттуктады.

Ал конференцияга катышуу үчүн "ат арытып, бел ашып" Нарын, Талас мамлекеттик университеттеринен, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан, Эл аралык Кувейт университетинен, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен, Кыргыз экономика университетинен, Бишкек гуманитардык университетинен келген студенттерге жана алардын жетекчилерине алкыш айтып, эки жарым жумадан бери Эне тил майрамы уланып жатканын жана 23-сентябрь күнү кыргыз тилинин 30 жылдыгы эмес, анын "мамлекеттик" макамга ээ болгондугунун 30 жылдыгы белгиленээрин эске салды.

Андан ары ал 1989-жылдын 23-сентябрында “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышына салым кошкон инсандар  тууралуу токтолуп, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматов 1988-жылы "Кыргыз тили Кыргызстанда гана өнүгөт" деп айткандыгын белгиледи. - Мамлекеттик тилдин жүгүн көтөрүп жүрүү - чоң эмгек. Эми биздин алдыбызда кыргыз тилин өлкөбүздө жашаган элдердин орток тилине айландыруу маселеси турат. Бул үчүн көп убакыт жана эмгек талап кылынат. Бул иштерге силер да өз салымыңарды кошооруңарга терең ишененм, - деп сөзүн жыйынтыктады Садык Алахан.

Студенттер аралык республикалык илимий-тажрыйбалык конференциянын катышуучуларына куттук сөздөрүн о.э. КУУнун факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гүлмира Осмоналиева, табигый факультеттер үчүн чет тилдер кафедрасынын башчысы Апал Абдымомунова, мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова да айтышты.

Андан кийин жогорку окуу жайларынан келген студенттер төмөндөгү баяндамаларды жасашты:

1. Максатбек кызы Жазгүл - Нарын мамлекеттик университети: “Билим берүүдөгү мамлекеттик тилдин ролу”

2. Кадыркулова Жасмин - Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Европа факультети : “Мамлекеттик тилдин билим берүүдөгү орду”

3. Алканова Махабат – Талас мамлекеттик университети: “Окуу – билим азыгы, билим – ырыс казыгы”

4. Уланбек кызы Айтунук – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы: “Кыргыз тилинин Бишкек шаарындагы кѳйгѳйлѳрү”

5. Масалбеков Нуркалый – Эл аралык Кувейт университети: “Кѳгүлтүр экрандагы кыргыз тилинин абалы”

6. Карыбек кызы Нурай – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети: “Мамлекеттик тилдин билим берүүдѳгү орду”

7. Кубанычбекова Н. - Нарын мамлекеттик университети: “Ыйыгым да, бийигим да эне тил”

8. Шакирова Динара - Эл аралык Кувейт университети: “ Мамлекеттик тилдин кѳйгѳйлѳрү”

9. Кубанова Адель - Кыргыз экономика университети: “Мамлекеттик тилдин жогорку окуу жайларындагы ролу”

10. Нурлан кызы Бегай - Нарын мамлекеттик университети: “Мамлекеттик тилде сылык-сыпа сүйлөө адебиндеги негизги фактор”

11. Саитбек уулу Бактияр - Кыргыз экономика университети: “Кыргыз тилинин билим берүүдѳгү орду”

12. Сопубекова Гүлзат - Талас мамлекеттик университети: “Жомоктордун тарбиялык мааниси”

13. Баялиева Толкунай -  Бишкек гуманитардык университети: “Мамлекеттик тилдин билим берүүдөгү орду”.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

46

48

50

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 674 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары