Шейшемби, Июль 14, 2020

КУУда мамлекеттик тилди ЖОЖдордо окутуунун абалы талкууланды

00

2019-жылдын 23-май күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Мамлекеттик тилди жана адабиятты ЖОЖдо окутуу: азыркы абалы, тажрыйбалар жана көйгөйлөр” аттуу окуу-методикалык семинар болуп өттү. Жыйынга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, Президент Аппаратынын өкүлү С.Тажиматов, Өкмөт Аппаратынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Саралаева, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Г.Ибраимова, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Б.Топоева-Ставинская, о.э. ЖОЖ жетекчилери, окутуучулары жана маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү катышты.

Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.К.Осмоналиева семинардын катышуучулары жана максаты тууралуу кыскача билдирүү жасаган соң, жыйындын катышуучуларын окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров куттуктап, семинардын ишине ийгиликтерди каалады.

Семинарда кыргыз тилин кѳп тилдүү чѳйрѳдѳ, чет тил катары, кесиптик багытта, "Кыргызтесттин" талаптарына жооп берген деңгээлде окутуунун, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн маселелери каралып, аталган темалар боюнча презентациялар ѳткѳрүлдү.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын тѳрагасы Назаркул Ишекеев жакында эле өткөрүлгөн "Сабаттуу болу" жат жазуу  акциясы боюнча, Президенттик Аппараттын ѳкүлү Санжарбек Тажиматов мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программалар, КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан Улуттук университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ѳткѳрүлүп жаткан иш чаралар, Билим берүү жана министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, УИАнын мүчө-корреспонденти, филол.и.д, профессор Сыртбай Мусаев жана "Эне тил" коомунун төрагасы Раимжан Курбанов мамлекеттик тилди өнүктүрүүдѳгү көйгөйлөр жөнүндө айтып беришти.

Иш чаранын жүрүшүндѳ Назаркул Ишекеев КУУнун кафедра башчысы Нурбүбү Асиповага “Кыргыз тили”  тѳш белгисин, ал эми  семинардын уюштуруучулары катышуучуларга педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу боюнча серитификаттарды тапшырышты.

video logo 20   Иш чарадан алынган видео-репортаж (Баласагын ТВ)

02

04

06

08

10

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

38

40

42

44

46

50

52

54

56

58

62

66

68

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1410 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары