Понедельник, Января 21, 2019

М.Анарбаев: "Жети-Кечүүлүк жазуучу, акын жана журналист Шерназар Шүкүровдү эскерүү"

Жети-Кечүү,Саңзарың,

Бетегелүү бел экен,

Арчага кенен жер экен,

Атпай тоонун арасы,

Жаткан кыргыз эл экен.

Мен Саңзарда, Шерназар аке Жети-Кечүүдө, Малгүзөр тоосунун эки капталында туулуп өсүп эресеге жетсек да, ал киши менен мен өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Шекем студент, мен болсом окууга өтөм деп Фрунзеге келип жүргөн мезгилде таанышканбыз.

1974-жылдын июль айы болсо керек эле  жаңылбасам, жердешим Оңгор болуп Шерназар аке менен Зина жеңенин үйлөнүү үлпөт тоюнда катышканбыз. Той чакан студенттик жатаканада курсташтардын катышуусунда өткөн. Ошондо,жаштык мезгил, таң аткычакты ойноп-бийлеп аларга чын ыкласыбыз менен бакыт таалай каалаганбыз. Таң эртең жаш жубайларды аэрепорттон Ташкентке узатып, мен Токтогулдун Толугуна чөп чабууга, Оңгор болсо студенттик курулуш отряды менен Суусамырга жөнөп кеткенбиз. Эмнегедир бири-бирин сүйүп баш кошкон жаштардын тоюу ошол күндөн ушул күнгө чейин көз алдымдан кетпейт. Жаштыктын тунук жанатаза сезими менен алардын бири-бирине болгон махабатына катуу таасирленген болсом керек.Шекем Гапар Айтиев атындагы музейде иштеп турган мезгилде мен окууну бүтүп диплом менен кошо тапкан жубайым Жийдеайым менен туулуп өскөн Бахмалга сапар алдым.

30-жылдай аралыкта мен Өзбекистанда жашап эмгектенип Шекем менен катыша албай калдым. Албетте Кыргызстанга келгенде жолугушуп тураар элек.  Мен үй-бүлөм менен жер которуп 2005-жылы Кыргызстанга көчүп келгенден кийин алардын уй-бүлөсү менен тыгыз барыш келиште болдук. Шекемдин жакшы жазуучу, чыгаан журналист жана акын катары элге таанылышында, турмуштун өйдө ылыйында ардайым колдоп, а кишинин каш-кабагына карап, көк чайын да чөп чайын да ар дайым белен кылып турган өмүр шериги Шекем өзү айткандай “музасы” бейиши болгур Зина жеңенин кызматы опол тоодой. Бирок өмүр жана жашоонун мыйзамы өз нугунда жүрөт турбайбы. Шум ажал мындан эки жыл мурун Зина жеңени алып кетсе, Шекем үстүбүздөгү жылы 68 жаш курагында байбичесинин артынан аттанып кете берди. Чыгармачылыгынын бараалы келип турган мезгилде жашоо менен кош айтышты.

Алар эки кыз бир уулду тарбиялап чоңойтушту. Очор бачар болуп уул кыздардан небере көрүшту.1974- жылы СССР дин 50-жылдыгы атындагы КМУ нун Филалогия факултетин аяктагандан кийин Шекем алгачкы эмгек жолунКыргыз мамлекеттик улуттук көркөм сүрөт музейинде ага илимий кызматкер, «Мектеп» басмасында редактор, «Кыргызстан Маданияты» гезитинде кабарчы, КТРдин көркөм адабият бөлүмүндө кызматкер, «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы, «Мурас» тарыхый-этнографиялык журналдын башкы редактору, «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо», «Чалкан» гезит-журналдарында редактордун орун басары, Эл өкүлдөр жыйынынын пресс-борборунда кызматкер, «Апта» гезитинин башкы редактору кызматтарын аркалап келди.

Алгачкы көркөм котормосу дал азыркы “Ала-Тоо” журналына 1972-жылы өзбөк жазуучусу Саид Ахматтын «Махабат» аттуу аңгемесин жарыялоо менен башталган. Котормочу кошуна тилди кадик билип, ошол тилде ой жүгүртө алгандыктан өзбөк жазуучуларынын далай аңгеме-повесть, пьеса-драма, сатира-юморлорун мезгилдүү басма беттерине, теле-радио уктурууларга которуп, жарыялап келген. Анын котормосунда Жек Лондондун «Үчөөнүн жүрөгү» романы, «Өзбөк эл жомоктору» жыйнагы, Өткүр Хашимовдун «Күн таразасы» повести, моңгол жазуучусу Доржийин Гаарманын «Кызыктуу баяндар» повесттер жыйнагы «Кыргызстан», «Мектеп», «Адабият» басмаларынан китеп болуп окурман колуна тийген. Жек Лондондун «Үчөөнүн жүрөгү» романы менен «Өзбөк эл жомоктору» жыйнак-топтому 2015-жылы экинчи жолу «Улуу Тоолор» жана Кыргыз энциклопедиясы тарабынан басылып чыкты. Анын «Адашкан саптар», «Саратан», «Алгырларым» аталыштагы үч ырлар жыйнагы бар. Жакынкы күндөр аралыгында эки томдон турган «Кош арман» аттуу китеби «Улуу Тоолор» басмасынан басылып чыкканы турат.  Ш. Шүкүровдүн котормосу менен Жахангир Фазил, Икбал Мырза, Айдин Хажиева, Кутлибика Рахимбаева, Уткир Хашимов сыяктуу өзбек акын жазуучуларынын Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салган кезинде  эт-жүрөгү жанчылып, ааламдык кайгыны көкүрөгүнө батырып, арман-көйдү кучагына сиңирип окурмандарга тартуулаган эскерүү чыгармалары, 1988 жылдын 8-августунда “Ала-Тоо” журналына басылып чыкты. Менин баамымда Шекем киндик каны тамган Заамин менен тарыхый ата мекени Ала-Тоого болгон сүйүүсүн,жарандык жоопкерчилигин, сагынчын тула боюу менен тең көтөрүп келди.1989-жылы өзү эмгектенип жаткан “Советтик Кыргызстан” газетасынын фото корреспондентиШекербек Сартов менен Өзбекистанда жашап жаткан кыргыздарды түрө кыдырып чыкты. Жердештеринин турмуш шарты,алардын ал-абалы, маданияты жөнүндө “Жылдыз көппү,Кыргыз көппү” деген темада Республикадагы номери биринчи болгон “Советтик Кыргызстан”газетасынын бир нече санына жалпы элдин, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан өтө курч, көлөмдүү сапар очеркин жарыялады. Бул  чыныгы тарыхый окуя болду. Себеби Совет Мамлекетинин доорунда мурда кийин, айрыкча компартиянын  идеологиясынын арааны ачылып турган мезгилде мындай чечкиндүүлүкө баруу өтө эле опурталдуу болчу. Чын мааниде Шекемдин бул сапар очерки аралаша жашаган Орто Азия чөлкөмүндөгү бардык элдердин, жалпы коомчулуктун өзгөчө пикирин жаратты. Эки Республиканын жетекчилеринин да эшигин каккылап кирип барды. Жогорку бийликтегилердин бир туугандык,кандаштык, кыргыздык сезимдерин ойготту. Натыйжада Шекемдин бул демилгеси эки элдин ортосундагы маданий, билим берүү жаатындагы байланыштарды өркүндөтүүгө түздөн-түз өбөлгө болду.

Кадрларды даярдоо, кыргыз мектептеринин окуучулары үчүн окуу китептерин жеткирип берүү, мугалимдердин билимин өркүндөтүү, тилчи тарыхчы  окумуштууларды,маданий кызматкерлерди боордошторго жиберип туруу маселелери чечилди жана бул саамалык эки мамлекеттин келишимине ылайык бир топ жылдар улантылып келди. Шекемдин Жызактык туугандарынын алдында кызматы өтө чоң. Өкүнүчтүүсү Шекемдин бул кызматтары жердештери тарабынан да бийлик тарабынан да бааланган жок. Анысы аз келгенсип же эгин-тигинде, же орок-машакта жок, жуп кызыл кырманда даяр боло калган кээ бир шумпайлардын желек көтөрүп, мунун баарын мен жасадым, мен бүтүрдүм деп,төшүн койгулап, чапан топусун Самарканд, Жызактан бери ала чуркап, элди жерди таштай качкан Президенттерге жаба койуп, Өзбекистанда жашаган кыргыздардын атын жамынып, жеке кызыкчылыгын көздөп, ошол күндөн ушул күнгө чейин таманы сөгүлө, чакырылбаса да түтүн чыккан жерден калбай чуркап жүргөндөргө эмне дейбиз.Чындык чыркыраган бойдон унутта кала бербестир. Калемдештеринин бири Шекем жөнүндө; “Кыргыз тарыхын жакшы билген, сөзберметтерин шурудай тизген, санжыраны самындай эзген, Манас эпосунун үчилтигин жадыбалдай жатка билген, адамдын жаманы менен жакшысын көп ылгай бербеген, ошонусу үчүн көп жерде мүдүрүлүп, бирок баары бир жамандык ниетке бет бурбаган, кара сөздүн устаты, шатыра-шатман шайдоот киши” деп жазган экен. Мен ага кошумчалап Шекем боордоштор, бир туугандар дегенде ичкен ашын жерге койо калчу улутчул,мекенчил киши эле,ал кишинин жазган ар бир сап ырынан Жети-Кечүү,Саңзар арчасынын жыты чыгып тураар эле демекмин. Шерназар аке менен Зина жеңенин арбактары бизден ыраазы болушсун.

* * *

photo

Мирсаид Анарбаев - Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти